Камсыздандыруу келишимдеринин саны өстү

Камсыздандыруу келишимдеринин саны өстү

2026-жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасынын каржы секторунда 19 камсыздандыруу компаниясы иштеди. Алардын кирешеси 2025-жылдын I-кварталы менен салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйүп, 2,9 млрд. сомду түзгөн. Мындан тышкары, жалпы кирешенин дээрлик 87%дан ашыгы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен болгон. Мындай билдирүүнү КРнын Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Статкомдун билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын январь-март айларында камсыздандыруу компаниялары 735 миң камсыздандыруу келишимдерин түзүшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18%га (же 111 миңге) көп.

Мындай өсүш автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу ОСАГО (68,5 миң) жана кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандыруу боюнча келишимдердин (26 миң) санынын өсүшү менен камсыз болгон.

Түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 72 % ыктыярдуу камсыздандыруу, 28 % милдеттүү камсыздандыруу түздү.

2026-жылдын 1-апрелине карата түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 852 млрд сомдон ашыгыраак болуп, өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу 2 эсеге өстү. Ушул эле убакыттын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрү 2,5 млрд. сом өлчөмүндө түшкөн, бул өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,7 эсеге көп.

Белгиленген убакыт аралыгында 14,9 миң камсыздандыруу учуру катталган. Анын ичинен кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга жана туризмге 34%дан туура келди.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media