Кыргызстандык тигүүчүлөр үчүн экспорттук талаптар түшүндүрүлдү

Кыргызстандык тигүүчүлөр үчүн экспорттук талаптар түшүндүрүлдү

Экономика жана коммерция министрлигинде жеңил өнөр жай продукцияларын экспорттоо жана алардын техникалык талаптарга шайкештигин камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйындын негизги темасы "Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптарын практикалык колдонуу болду. Катышуучулар продукцияны маркалоо, декларациялоо жана сертификаттоо жол-жоболорун талкуулашты.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Селлерлер жана маркетплейстер ассоциациясынын өкүлдөрү, жеңил өнөр жай ишканалары жана шайкештикти баалоо органдары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө продукциянын түрүнө жараша шайкештикти баалоо, сыноолорду өткөрүү жана маркалоону колдонуу тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Министрликтин маалыматына ылайык, техникалык регламенттердин талаптарын так сактоо продукциянын сапатын жогорулатып, экспорттук рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттырууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн ишенимин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Сузакта шагыл жана кум өндүрүүчү ишкана текшерилди

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылында жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү ишкананы текшерди. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер инерттүү материалдарды өндүрүү процессинин белгиленген талаптарга шайкештигин баалап, тастыктоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле сертификаттык сыноолорду өткөрүү үчүн өндүрүлгөн продукциядан үлгүлөр

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Борбор калаада жаштарды 2D/3D долбоорлоого акысыз окутуу макулдашылды

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Талантбек Жекшенов Сеул эл аралык достук ассоциациясынын президенти Су Жу Ли жана "FabLab Bishkek" борборунун директору Джу Серена менен жолугушту. Аталган башкармалыктан билдиришкендей, жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, Бишкек шаарында иш издеп каттоодо турган жаштар үчүн санариптик технологиялар боюнча

Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Коопсуздук талаптарын аткарбаган объектинин курулушу токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан Моминов көчөсүндө курулуп жаткан 5 кабаттуу кеңсе имаратына кайрадан текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык коопсуздук талаптары бузулганы аныкталды. Тактап айтканда, имараттын жогорку кабаттарында коргоочу тосмолордун жоктугу аныкталып, жакын жайгашкан турак

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

Оштогу “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында атайын дрондордун жардамы менен абадан көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер таштандыларды тушкелди таштоого жол бербөө, өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатын көздөйт. Министрликтин Ош регионалдык