Оштогу 32 айылды таза суу менен камсыздоого 66,7 млн доллар бөлүнөт

Оштогу 32 айылды таза суу менен камсыздоого 66,7 млн доллар бөлүнөт

Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы 32 айылдын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган ири долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Долбоор аймактагы эң көйгөйлүү маселелердин бирин чечүүгө багытталган. Учурда аталган айылдарда жашаган 158 миңге жакын тургун эскирген суу түтүк тармактарын же коопсуз эмес суу булактарын колдонуп келет.

Долбоордун жалпы бюджети 66,7 миллион АКШ долларын түзөт. Анын ичинен Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 60 миллион доллар өлчөмүндө насыя бөлсө, Кыргызстан 6,7 миллион доллар кошумча каржылайт.

Долбоордун алкагында 890 чакырымдан ашык суу түтүктөрү жана бөлүштүрүү тармактары курулуп, жаңыланат. Ошондой эле 33 артезиан скважинасы бургуланып, 54 резервуар жана 11 насос станциясы курулат.

Мындан тышкары, мектептердеги, бала бакчалардагы жана фельдшердик-акушердик пункттардагы 95 санитардык түйүн жаңыланат.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жылды түзөт. Документке 2026-жылдын июнь айынын аягына чейин кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media