“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көлдө бизнес-борборун ачат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көлдө бизнес-борборун ачат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көлдүн жээгинде алгачкы бизнес-борборун ачат. Бул жерде АФИАнын башкаруучу компаниясынын кеңселери жайгашат. Ушул учурдан тартып аймак бизнес менен расмий иштөөгө жана алгачкы резиденттерди кабыл алууга даярдык көрө баштайт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аянты 3 850 чарчы метр болгон бизнес-борбор кеңсе жайларын жана коворкинг аймактарын, көп функционалдуу конференц-залдарды жана сүйлөшүү бөлмөлөрүн камтыйт. Жакынкы убакта объекттин аймагында ресторан жана кафе ачылат.

“Тамчы АФИА эл аралык бизнес жаңы ишенимдүү аянтчаларды активдүү издеп жаткан учурда түзүлдү. Алгачкы бизнес-борбордун ачылышы – аймактын реалдуу операциялык ишмердүүлүгүнүн башталышы. Биз КМШ өлкөлөрүнүн, Азиянын, Жакынкы Чыгыштын, Европанын жана Африканын рынокторунун ортосунда финансылык жана логистикалык көпүрөлөрдү куруп жатабыз. Бүгүн ошол көпүрөнүн алгачкы дареги пайда болду жана бул жерде алгачкы резиденттерди кабыл алууга активдүү даярдык жүрүп жатат»,– деди “Тамчы” АФИАны башкаруу боюнча кеңештин төрагасы, Аяз Баетов.

Бизнес-борбор ачылганга чейин аз убакыт мурда АФИАны башкаруу боюнча кеңеш башкаруучу компанияны түзүп, финансылык борборду өнүктүрүү планын бекитти жана ченемдик укуктук документтердин алгачкы пакетин кабыл алды. Ошол эле учурда Эл аралык талаш-тартыштарды чечүү борборунун төрагасын жана судьяларын тандоо иши жүрүп жатат.

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көлдүн жээгиндеги болжол менен 6 000 гектар аянтта түзүлгөн. Резиденттер үчүн англиялык жалпы укуктун ченемдери боюнча иштөө, 49 жылдык мөөнөткө нөлдүк салык ставкасы жана пайданы 100 пайыз репатриациялоо укугу каралган. 2035-жылга чейин аймакта 3 900дөн ашуун компанияны жайгаштыруу жана 10 000ден ашык жумуш ордун түзүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media