Үч айда экономиканын субъектилерине 610 млрд сомдон ашык кредит берилди

Үч айда экономиканын субъектилерине 610 млрд сомдон ашык кредит берилди

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстандагы экономиканын субъектилери коммерциялык банктар жана кредиттик уюмдар аркылуу жалпысынан 610,4 млрд сомдон ашык кредит алышкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилдин аягына карата коммерциялык банктар тарабынан берилген кредиттердин көлөмү 539,6 млрд сомду түзсө, кредиттик уюмдар аркылуу берилген каражаттар 70,8 млрд сомго жеткен.

Аймактар боюнча эң көп кредит - Бишкек шаарында берилген. Борбор калаадагы экономиканын субъектилери коммерциялык банктар аркылуу 301,1 млрд сом, ал эми кредиттик уюмдар аркылуу 23,7 млрд сом көлөмүндө каражат алышкан.

Экинчи орунда Жалал-Абад облусу турат. Бул аймакта коммерциялык банктар тарабынан 51,4 млрд сом кредит берилсе, кредиттик уюмдар аркылуу каржылоонун көлөмү 8,7 млрд сомду түзгөн.

Кредиттик ресурстардын өсүшү ишкерлердин, өндүрүш ишканаларынын, фермерлердин жана башка чарба жүргүзүүчү субъектилердин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.


Белгилей кетсек, экономиканын субъектилерине - өлкөнүн экономикасына катышкан бардык тараптар – жарандар, үй чарбалары, ишканалар, ишкерлер, инвесторлор, мамлекеттик мекемелер жана финансылык уюмдар кирет. Алар товарларды жана кызматтарды өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөө процесстеринде негизги ролду ойношот.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media