Санкт-Петербургда "Кыргызстан-Россия" бизнес-диалогу өттү

Санкт-Петербургда "Кыргызстан-Россия" бизнес-диалогу өттү

Санкт-Петербургга болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн “Кыргызстан-Россия” бизнес-диалогунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын бул форумга биринчи жолу толук кандуу катышуусунун өзгөчө маанисин белгилеп, форумдун экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана келечектүү долбоорлорду ишке киргизүү үчүн ири эл аралык аянтчалардын бири катары ролун белгиледи.
Данияр Амангелдиев Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин белгиледи. Эки өлкөнүн кызматташтыгы бүгүнкү күндө салттуу соода-сатыктын чегинен чыгып, өнөр жай кооперациясына, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, ишканаларды локалдаштырууга, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көбүрөөк багытталган.

Ал ошондой эле Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүштү сактап, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүү, санариптик экономика жана транспорт инфраструктурасы жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Негизги артыкчылыктарга реалдуу секторду өнүктүрүү, капиталдык салымдарды тартуу жана заманбап технологияларды киргизүү кирет.

Энергетикага өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан олуттуу гидроэнергетикалык потенциалга ээ жана “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун, ошондой эле чакан жана орто ГЭСтерди жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу долбоорлорун ырааттуу түрдө алга жылдырууда.

Транспорт жана логистика дагы кызматташуунун маанилүү багыттары бойдон калууда. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду “Көкчө көз” соода-логистикалык борборунун курулушун ишке ашырды. Ысык-Көл облусунда күн жана шамал электр станцияларын куруу долбоорлору Россия тарап менен биргеликте ишке ашырылып, Баткен облусунда газобетон заводун куруу пландалууда.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун стратегиялык долбоору өзгөчө белгиленип, бул аймактын транспорттук потенциалын кеңейтип, жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн кыскартып, жаңы өнөр жай жана логистикалык кластерлерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media