Адылбек Касымалиев өнөр жай жана соода көргөзмөсүнө катышты

Адылбек Касымалиев өнөр жай жана соода көргөзмөсүнө катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев борбордо өтүп жаткан “Ala-Too Trade & Industry Expo” биринчи эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнү көрүү учурунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы ата мекендик жана чет элдик компаниялардын, өнөр жай ишканаларынын продукцияларынын, инновациялык иштеп чыгуулардын жана экономиканын ар түрдүү тармактарындагы инвестициялык долбоорлордун экспозициялары менен таанышты. 

Экспозицияларды жана улуттук павильондорду көрүп чыгуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев ата мекендик өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоонун, заманбап технологияларды киргизүүнүн жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнүн негизги багыттарынын бири катары өнөр жай секторун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

“Ala-Too Trade & Industry Expo” – бул эл аралык кесипкөй B2B / B2G платформа, ал ШКУ өлкөлөрүнүн жана өнөктөш мамлекеттердин өнөр жай ишканаларын, соода компанияларын, инвесторлорду жана мамлекеттик институттарды бириктирет.

Иш-чара соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын регионалдык жана эл аралык базарларга жайылтууга багытталган. Көргөзмөгө 6 өлкөдөн 90дон ашык компания катышты.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media