Бишкекте эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өтүүдө

Бишкекте эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өтүүдө

Бишкек шаарындагы  “Жаштык арена” спорт комплексинде Ala-Too Trade and Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өз ишин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында өтүүдө. Көргөзмө ШКУга мүчө мамлекеттердин экономика министрлеринин жолугушуусунун расмий программасына киргизилип, 6-июнга чейин уланат.

Көргөзмөгө Беларусь, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 50дөн ашуун өндүрүшчү компания катышууда. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, көргөзмөнүн өзгөчөлүгү – ага өзүнүн технологияларын жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн сунуштаган ишканалар гана катышып жатат.

Аянтчада машина куруу, энергетика, электр техникалары жана лифт жабдуулары, металлургия, курулуш материалдарын өндүрүү, химия жана фармацевтика өнөр жайы, шаардык электр транспорту, HVAC-системалары жана өнөр жай технологиялары боюнча долбоорлор көрсөтүлүүдө.

Иш-чараны Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Biexpo өткөрүп жатат. Уюштуруучулар көргөзмө бизнес-өкүлдөрү менен мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, жаңы өнөктөштөрдү табууга, инвестиция тартууга жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгилешти.

Долбоор экономикалык байланыштарды чыңдоого жана ата мекендик ишканалар менен инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media