Товарларды маркалоо системасына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Товарларды маркалоо системасына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Мамлекеттик салык кызматы товарларды маркалоо системасында 2026-жылдын 11-июнунан 15-июнуна чейин техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдады.

Маалыматка таянсак, техникалык иштер жүргүзүлүп жаткан мезгилде товарларды маркалоо системасынын айрым сервистерин колдонууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Тышкы маркалоо

Товар жүгүртүүнүн катышуучулары үчүн маркалоо коддорун заказ кылуу модулун колдонуу мүмкүнчүлүгү 2026-жылдын 13-июнунан 15-июнуна чейин чектелет.

Ички маркалоо

Товарларды маркалоонун Мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасына жетүү мүмкүнчүлүгү товар жүгүртүүнүн катышуучулары үчүн 2026-жылдын 11-июнунан 15-июнуна чейин убактылуу жеткиликсиз болот.

Ушуга байланыштуу товар жүгүртүүнүн катышуучуларына өз ишмердүүлүгүн пландаштырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү алдын ала эске алуу, зарыл болгон маркалоо коддорун өз убагында заказ кылуу жана техникалык иштер башталганга чейин системадагы операцияларды аяктоо сунушталат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-майынан тартып маркалануучу товарларды маркалоонун жана көзөмөлдөөнүн улуттук системасынын оператору болуп "Альфа Телеком" ЖАКтын ордуна "Учкун" ААК аныкталган.
Оператордун функцияларын өткөрүп берүүгө байланыштуу товарларды маркалоо системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган зарыл техникалык иш-чаралар жүргүзүлөт. 

Алар маалыматтарды миграциялоону жана маркалоо коддорун эмиссиялоо параметрлерин өзгөртүүнү камтыйт.

Белгилей кетсек, маркалоо системасынын операторунун алмашуусу маркалоо коддорун алуу тартибине таасирин тийгизбейт. 

Бардык операциялар мурдагыдай эле интернет-ресурстар аркылуу жүргүзүлөт: ички маркалоо үчүн – teksher.kg, тышкы маркалоо үчүн – label.teksher.kg.

 

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media