Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Венчурдук каржылоо жөнүндө” жана ага байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору экинчи окууда колдоо тапты.

Маалыматка ылайык, венчурдук инвестицияларды стартаптарга, инновациялык долбоорлорго жана технологиялык экосистемага тартуу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө багытталган мыйзам долбоорун 2-июнда Министрлер кабинети сунуштаган.

Анын алкагында “венчурдук каржылоо”, “венчурдук инвестор”, “венчурдук фонд”, “бизнес-ангел”, “стартап”, “опциондук келишим”, “конверттелүүчү кредиттик келишим” сыяктуу түшүнүктөр мыйзамдык деңгээлде бекитилүүдө.

Венчурдук каржылоо деген эмне?

Венчурдук каржылоо — бул жогорку тобокелчилиги бар, бирок тез өсүү мүмкүнчүлүгү чоң жаңы технологиялык долбоорлорго инвестиция салуу жолу.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

“Кыргыз-Ата” жаратылыш паркында дрондор аркылуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

Оштогу “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркында атайын дрондордун жардамы менен абадан көзөмөл жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер таштандыларды тушкелди таштоого жол бербөө, өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу максатын көздөйт. Министрликтин Ош регионалдык

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарындагы бир катар объектилер текшерилди

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен биргеликте шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Манас шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жетекчилер алгач Балдар чыгармачылык борбору жана Жаштар борборунун абалын көрүп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мындан тышкары, мурдагы темир жолдун ордуна

Бакай-Атада ишкер мөмө-жемиштерди сактап, чет өлкөгө экспорттоону көздөйт

Бакай-Атада ишкер мөмө-жемиштерди сактап, чет өлкөгө экспорттоону көздөйт

Талас облусунун Бакай-Ата районунда "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя алгандардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү. Айыл чарба министрлигинии эл аралык долбооорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдиргендей, долбоордун адистери жеке ишкер Тунук Атакулованын мөмө-жемиш сактоочу кампасына барышты. Ишкер жеңилдетилген насыя алып, каражатка

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Жалал-Абадда камактагылар менен жеке маектешти

Акыйкатчынын орун басары Медербек Усаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №10 түзөтүү колониясына жана Манас шаарындагы №53 тергөө абагына мониторинг жүргүздү. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, Медербек Усаров соттолгондор жана камактагылар менен жекеме-жеке сүйлөшүп, алардын кайрылууларын укту. Маалыматка ылайык, айтылган маселелердин айрымдары боюнча