Адылбек Касымалиев менен Александр Турчин "Автомаш-Радиатор" заводунда барышты

Адылбек Касымалиев менен Александр Турчин "Автомаш-Радиатор" заводунда барышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларус Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин "Автомаш-Радиатор" заводунда барышты.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн  маалыдашынча, алар ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүштүк цехтерди, технологиялык линияларды жана өндүрүлгөн продукцияны көрүштү.

Заводдун жетекчилиги ишкананын учурдагы иши, өндүрүштүк кубаттуулугу, киргизилип жаткан технологиялар, ошондой эле мындан аркы өнүгүү перспективалары тууралуу маалымат берди. 

Он жылдан ашуун убакыттан бери "Автомаш-Радиатор" ишканасы беларус өнөктөштөрү менен активдүү кызматташып келет. Иш сапардын жүрүшүндө өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу жана эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Өндүрүштү колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилет

Өндүрүштү колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилет

2030-жылга чейинки Улуттук программанын негизинде өлкөдө өндүрүш тармагын өнүктүрүү, иштеп жаткан завод-фабрикалардын негизги фонддорун жаңылоо жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында арзан насыя берүү боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү билдирди. Маалыматка таянсак, бул демилгенин негизги багыты — иштеп жаткан

Эл аралык автожүрүш жыйынтыкталды

Эл аралык автожүрүш жыйынтыкталды

22-26-июлда Кыргызстанда Тоолуу автомобиль жолдору боюнча өкмөттөр аралык жолчулар кеңешинин  IX Эл аралык автожүрүшү өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Словакиянын жол тармагынын өкүлдөрү, эксперттер жана окумуштуулар катышты. Бул тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, автожүрүш Ош – Өзгөн

Мас абалда унаа башкаргандар 126 млн сомдон ашык айып пул төлөшөт

Мас абалда унаа башкаргандар 126 млн сомдон ашык айып пул төлөшөт

Мас абалында унаа башкаргандарга карата жаза күчөтүлгөнүнө карабастан, мындай мыйзам бузуулар токтой элек. 20-июндан тартып жаңы талаптар күчүнө киргенден кийинки бир ай ичинде өлкө аймагында 1500дөн ашуун мас айдоочу аныкталды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, аларга карата 126 млн сомдон ашуун айып пул салынган. Ал эми 2026-жылдын алты

Самаркандда Оштун соода-экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Самаркандда Оштун соода-экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Ош шаарынын делегациясы Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн боордош шаарлардын эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Иш-чарага Өзбекстан, Кыргызстан, Түркия, Жапония, АКШ, Франция жана Орусиянын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Форумдун алкагында Ош жана Наманган шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү,