Кыргызстан биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө басым жасоодо

Кыргызстан биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө басым жасоодо

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун расмий ачылышына катышып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жана аймактык кызматташтык тууралуу баяндама жасады.

Ал Кыргызстан акыркы жылдары экономикалык өсүштүн жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишкенин белгилеп, өлкөнүн форумга биринчи жолу толук кандуу катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Анын айтымында, форум дүйнөдөгү ири бизнес аянтчаларынын бири болуп, жаңы экономикалык байланыштарды түзүүгө, инвестициялык чечимдерди кабыл алууга жана аймактык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Данияр Амангелдиев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жалпы тарых жана гуманитардык алакалар менен катар бекем экономикалык негизге таянарын белгиледи. Ал эки өлкөнүн алакасы жөн гана соода-сатык менен чектелбестен, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду чогуу ишке ашырууга багытталышы керектигин айтты.

Экономикалык өсүштүн негизги себептерине токтолгон ал мамлекет жүргүзүп жаткан тең салмактуу экономикалык саясатты белгиледи. Анын ичинде ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, жол-транспорт жана башка инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү, салык жана бажы тармагын жөнөкөйлөтүү чаралары бар экенин айтты.

Анын айтымында, бул кадамдар ишкердик жигердүүлүктү күчөтүп, ички рынокту кеңейтүүгө жана экономиканын олуттуу бөлүгүн көмүскөдөн чыгарууга өбөлгө түздү.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиги курамындагы катышуусу ата мекендик өндүрүшчүлөр үчүн чоң рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берип, биримдикке мүчө мамлекеттер менен соода-экономикалык байланышты бекемдегенин белгиледи.

Келечек тууралуу сөз кылган Данияр Амангелдиев Кыргызстандын жана Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн өсүү мүмкүнчүлүгү экономикалык жакындашууда, транспорттук жолдорду өнүктүрүүдө, өндүрүштүк биргелешүүнү күчөтүүдө, санариптик экономиканы өнүктүрүүдө жана технологиялык долбоорлорду чогуу ишке ашырууда экенин айтты.

“Биздин негизги милдет — жогорку көрсөткүчтөрдү сактап калуу гана эмес, өсүштүн сапатын камсыз кылуу. Бул үчүн заманбап өндүрүштөрдү түзүп, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, технологияларды өнүктүрүп жана жарандардын кирешесинин туруктуу өсүшүнө жетишүү зарыл”, — деди ал.

Форумдун экинчи күнүндө Данияр Амангелдиев “Бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү — эл аралык мамилелердеги гуманитардык саясаттын натыйжалуу механизми” аттуу панелдик жыйынга дагы катышты.

Ал өз сөзүндө эл аралык гуманитардык кызматташтыкта бизнес өкүлдөрүнүн ролуна жана Кыргызстандагы ишкерлерди колдоо чараларына токтолду.

Анын айтымында, гуманитардык кызматташтык мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, маданияттар аралык байланышты өнүктүрүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет.

Ошондой эле ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, адамдардын билимине, жөндөмүнө жана чыгармачылык дараметине инвестиция салмайын туруктуу өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эместигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media
Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду. Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. "Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл

Ишкер Media
Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Кыргызстанда инвестиция тартууда долбоорлордун санына эмес, алардын сапатына, экономикалык натыйжалуулугуна жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кошкон салымына басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунуш кылдат талданып, мамлекет жана инвестор

Ишкер Media