Кыргызстан менен Беларусь ишкерлер кеңешин түзүүнү макулдашты

Кыргызстан менен Беларусь ишкерлер кеңешин түзүүнү макулдашты

Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Кыргызстан–Беларусь” эл аралык экономикалык кызматташтык форумуна Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин катышты.

Эки өлкөдөн 150гө жакын бизнес өкүлдөрү катышып жаткан форумдун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана бизнес байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Адылбек Касымалиев бүгүнкү форум ишкерлер үчүн ачык диалог жүргүзүүгө, түз байланыш түзүүгө жана жаңы өнөктөштүктөрдү баштоого мүмкүнчүлүк берген маанилүү аянтча экенин белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Беларустун кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Кыргызстан географиялык жайгашуусу жагынан ыңгайлуу болуп, логистика, айыл чарба, жеңил өнөр жай, энергетика жана туризм тармагында потенциалга ээ.

Ал эми Беларусь өнөр жайы, машина куруу, айыл чарба технологиялары жана илимий-өндүрүштүк тажрыйбасы менен айырмаланат.

“Биз бул мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштыруу аркылуу чоң натыйжага жетүүгө болот деп эсептейбиз. Бүгүн бул жерге рыноктун муктаждыктарын талкуулап, өз ара пайдалуу чечимдерди табууга даяр болгон бизнес өкүлдөрүнүн келиши өзгөчө маанилүү. Бизнестин түз байланышы — ишенимдин пайдубалы”, — деди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Александр Турчин форум эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү үчүн кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жаңы байланыштарды түзүүгө шарт түзгөн натыйжалуу аянтча болуп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары кыргыз-беларус ишкерлер кеңешин түзүү тууралуу документтер алмашышты.

Мындан тышкары окуңуз

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media
Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду. Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. "Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл

Ишкер Media
Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Кыргызстанда инвестиция тартууда долбоорлордун санына эмес, алардын сапатына, экономикалык натыйжалуулугуна жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кошкон салымына басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунуш кылдат талданып, мамлекет жана инвестор

Ишкер Media