Россиянын бизнеси үчүн олуттуу көйгөй аталды

Россиянын бизнеси үчүн олуттуу көйгөй аталды

Россиядагы жогорку инфляция бизнес үчүн негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Бул тууралуу РФнын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Алексей Заботкин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн ишкердик жолугушууда билдирди. 

Анын айтымында, керектөө бааларынын тездик менен өсүшү – ишкерлер үчүн жогорку пайыздык ченден дагы көбүрөөк терс таасирин тийгизип жатат.

“Жогорку инфляциянын шартында бизнес жүргүзүү, эки жыл жогорку реалдуу пайыздык чен менен иштегенге караганда кыйла оор” - деп белгиледи, Заботкин.

Ал белгилегендей, инфляция күчөгөн учурда товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары “асмандап”, компаниялардын чыгымдары көбөйөт. Бул өз кезегинде ишканалардын финансылык абалына терс таасир этет.

Ошондой эле ишкердик чөйрөсүндөгү дагы бир олуттуу көйгөй катары эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөн деңгээли аталды. «Опора России» уюмунун жетекчиси Александр Калининдин айтымында, бул көрсөткүч боюнча россиялык компаниялар чет өлкөлүк атаандаштарынан артта калууда.

Ушуга карабай, көптөгөн россиялык ишканалардын жетекчилери өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу маселесине жетиштүү көңүл бурбай жатканын белгилеген Калинин – бул “этибарга албоо” бизнес үчүн кошумча тобокелдик жаратаарын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media