Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү талкуулашты

Чолпон-Ата шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытай Эл Республикасынын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушту.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык жана өнөр жай кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, инновациялык технологияларды киргизүү жана логистикалык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Бакыт Сыдыков Кыргызстандын өнөр жайды өнүктүрүү, санариптештирүү жана маалыматташтыруу багыттарында Кытайдын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Синь Гобинь Кыргызстан тарабынан ШКУдагы төрагалыктын алкагында уюштурулуп жаткан иш-чаралардын жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатканын белгилеп, өнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, кытай тарап Кыргызстандын демилгеси менен сунушталган ШКУга мүчө мамлекеттердин Бириккен текстиль кластерин түзүү боюнча макулдашуунун долбоору деталдуу кароого алынганын маалымдады.

Тараптар эки өлкөнүн өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыгын тереңдетүү эки тарап үчүн тең пайдалуу болоорун белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media