Кыргызстан менен Өзбекстан ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет

Кыргызстан менен Өзбекстан ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет

4-июнда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен "Узтрейд" акционердик коомунун экспорт боюнча төрагасынын орун басарынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы 2024-2030-жылдарга карата өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоого арналды.

Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү арттыруу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана өз ара жеткирүүлөрдү диверсификациялоо боюнча практикалык кадамдарды карап чыгышты. Ошондой эле кыргызстандык жана өзбекстандык ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана бизнес байланыштарды өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары активдештирүү жана жакынкы убакытта биргелешкен B2B форматындагы бизнес иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Тараптар 2030-жылга чейин эки мамлекеттин жетекчилиги тарабынан белгиленген максаттарды ишке ашыруу үчүн ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Скульптура өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айланткан – Айдарбек Айткулов

Чыгармачылык өнөрүн ийгиликтүү ишкерликке айландырган Айдарбек Айткулов бүгүн командасы менен Кыргызстандагы ири скульптуралык жана декоративдик долбоорлорду ишке ашырып келет. Ал үчүн ар бир буйрутма жөн гана жумуш эмес, өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Ошондуктан ар бир долбоорду сапатка өзгөчө көңүл буруп, майда-баратына чейин кылдат аткарууга аракет кылат. Каарманыбыз “Ишкер” Медиага берген

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

Мамлекеттик иш сапарларга байланыштуу Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчсы Аскат Алагөзов билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.  Мындан сырткары, бир катар

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

Радиотерапиялык жабдууларды тейлөөгө 18 миллион сом бөлүнөт

27-июлда Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен биргеликте Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, анда “Бабатрон” аралыктан нур менен дарылоо аппараты үчүн жаңы Кобальт-60 радиоактивдүү булагын расмий тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка караганда,

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Учактагы орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат

Авиакомпанияларга борттогу орундардын санынан ашык авиабилет сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан негизсиз баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды. Буга байланыштуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган