Кыргызстандын экономикалык артыкчылыктары Петербург форумунда талкууланды

Кыргызстандын экономикалык артыкчылыктары Петербург форумунда талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн бир катар маанилүү панелдик сессияларга катышып, Кыргызстандын агроөнөр жай жана экономикалык өнүгүү багытындагы артыкчылыктуу позицияларын тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

"Эл аралык айыл чарба рынокторун калыптандырууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ролу" аттуу панелдик сессияда сөз сүйлөгөн Данияр Амангелдиев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

Анын айтымында, Кыргызстан туруктуу жана инновациялык азык-түлүк системасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик субсидияларды берүү, заманбап санитардык жана ветеринардык стандарттарды киргизүү, суу ресурстарын башкаруунун алдыңкы технологияларын колдонуу жана ЕАЭБ алкагындагы илимий кызматташтыкты кеңейтүү иштерин активдүү жүргүзүүдө. Ошондой эле логистикалык борборлорго инвестиция тартуу жана аквакультура тармагын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

"Жаңы дүйнөлүк тартиптин экономикасы: структуралык трансформация, чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу талкууда Данияр Амангелдиев дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөргө баа берип, Кыргызстан жаңы шарттарда соода жана транзиттик каттамдардын маанилүү аймактык борборуна айланып жатканын айтты.

Анын белгилешинче, өлкө Борбор Азиянын географиялык артыкчылыктарын натыйжалуу пайдаланып, ички экономикалык өсүштү жана аймактык туруктуулукту камсыздоого багытталган саясатты жүргүзүүдө.
Иш сапарынын алкагында Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форуму–2026нын пленардык жыйынына ардактуу конок катары да катышты. Анда мамлекет башчылары жана дүйнөлүк бизнес өкүлдөрү глобалдык өнүгүүнүн негизги багыттарын жана эл аралык өнөктөштүктүн келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media