Өлкөгө айрым курулуш материалдарын импорттоого убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда

Өлкөгө айрым курулуш материалдарын импорттоого убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда

Министрлер кабинети үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын алып келүүгө алты айлык мөөнөткө чейин убактылуу тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары өлкөдө курулуш материалдарына болгон суроо-талап өскөнү менен айрым тармактарда импорттун көлөмү жергиликтүү өндүрүшкө басым жасап жатат. Натыйжада бир катар ишканалар кампаларда продукциянын топтолушу жана сатуу көлөмүнүн азайышы сыяктуу көйгөйлөргө туш болгон.

Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, демилгенин негизги максаты – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, ички рынокту турукташтыруу жана үчүнчү өлкөлөрдөн келип жаткан импорттук басымдан коргоо.

Өкмөт акыркы жылдары өлкөдө айнек, кабель, жылуулук изоляциялоочу материалдар жана газобетон блокторун чыгарган ишканалар ишке киргенин белгилейт. Бирок арзан импорттун көбөйүшү жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн продукциясын сатууда кыйынчылыктарды жаратып, айрым ишканалардын кампаларында товарлардын топтолушуна алып келген.

Документте белгиленгендей, убактылуу чектөө киргизүү ата мекендик ишканалардын өндүрүш көлөмүн сактоого, жумуш орундарын коргоого жана бюджетке түшүүчү салыктык кирешелерди камсыз кылууга жардам бермекчи.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media