Кыргызстан үчүнчү ирет эл аралык Кагазсыз соода боюнча кеңешти жетектейт

Кыргызстан үчүнчү ирет эл аралык Кагазсыз соода боюнча кеңешти жетектейт

Кыргыз Республикасы үчүнчү жолу катары менен Азия-Тынч океан аймагында чек ара аркылуу кагазсыз соода жүргүзүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча БУУнун ЭСКАТОсунун Алкактык макулдашуусунун Кагазсыз соода боюнча кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү чечим 8-июнда Таиланд Падышалыгынын борбору Бангкок шаарында өткөн Кагазсыз соода боюнча кеңештин бешинчи сессиясында кабыл алынды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мүчө мамлекеттер Кыргыз Республикасына кайрадан ишеним көрсөтүп, Кеңештин төрагалыгына шайлашты. Кеңештин төрагасынын орун басары болуп Монголия шайланды.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз делегациясы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана кагазсыз сооданын улуттук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды сунуштады. Өзгөчө көңүл тышкы соода операцияларын тездетүүгө, административдик тоскоолдуктарды кыскартууга жана ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган демилгелерге бурулду.

Белгилей кетсек, Кагазсыз соода боюнча кеңеш соода процесстерин санариптик трансформациялоону илгерилетүү, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана чек ара аркылуу соода документтерин электрондук форматта алмашууну жеңилдетүү боюнча негизги эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.
Кыргызстандын үчүнчү жолу катары менен Кеңештин төрагасы болуп шайланышы өлкөнүн соода тармагын санариптештирүү жана кагазсыз сооданы өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан реформаларынын эл аралык деңгээлде жогору бааланып жатканын көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media