Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор улантылат

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор улантылат

Экономика жана коммерция министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Россия–ПРООН Трасттык фондунун мониторингдик миссиясы жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте кызматташуунун жыйынтыктарын талкуулап, мындан аркы биргелешкен иштердин негизги багыттарын аныктады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда өлкөнүн аймактык өнүгүүсү, аймактарды мастер-пландоо, инвестицияларды тартуу жана экономикалык өсүштү камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар структуралык реформаларды колдоо, сооданы жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, микро, чакан жана орто бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, санариптештирүү жана мамлекеттик институттарды чыңдоо багытындагы кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдиришти.

Талкуунун жүрүшүндө 2025-2030-жылдарга карата региондордогу өсүштүн таяныч чекиттерин өнүктүрүү программасын ишке ашыруу, аймактарды пландаштыруунун заманбап ыкмаларын киргизүү жана инвестиция тартуу механизмдерин өркүндөтүү маселелери каралды.

Кызматташуунун алкагында ПРООН Кант шаарын кошо алганда бир катар аймактар үчүн пилоттук мастер-пландарды иштеп чыгууга эксперттик колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле Өзгөн шаарында инвестициялык жана аймактык пландоонун заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча иштер улантылып жатат.

Экономика жана коммерция министрлиги ПРООНдун жана Россия Федерациясынын өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалап, биргелешкен долбоорлор аймактардын экономикалык потенциалын чыңдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана өлкөнүн региондорун туруктуу өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media