Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа акырындык менен жогорулап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин айрым керектөө товарларынын орточо баалары боюнча жүргүзгөн күнүмдүк мониторингинин жыйынтыктары көрсөтүүдө.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын июнь айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы өлкө боюнча литрине 85,77 сомду түздү. Май айында бул көрсөткүч 85,35 сом болгон. Натыйжада бир ай ичинде бензиндин баасы 42 тыйынга кымбаттады.

Ошондой эле дизель майынын баасы дагы өсүүдө. Эгер май айында анын орточо баасы литрине 91,53 сом болсо, июнь айында 93,02 сомго жеткен. Башкача айтканда, дизель майы бир ай аралыгында 1 сом 49 тыйынга кымбаттаган.

Эксперттердин айтымында, күйүүчү майдын баасынын өзгөрүшү транспорттук чыгымдарга жана айрым товарлардын өздүк наркына таасир этиши мүмкүн. Айрыкча дизель майынын кымбатташы айыл чарба, жүк ташуу жана логистика тармактары үчүн маанилүү фактор болуп саналат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, учурда күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары боюнча мониторинг өлкөнүн бардык калктуу конуштарында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Ага ылайык, июнь айында Балыкчы шаарында  бензинге болгон баа эң жогорку көрсөткүчтү 88,08 тыйын болсо, дизель майынын жогорку баасы Баткен шаарында катталып, анын баасы 94, 94 тыйындан сатылууда.

Салыштырмалуу таблицада май жана июнь айларындагы Кыргызстандын аймагындагы эң арзан жана эң кымбат көрсөткүчтөр көрсөтүлдү:

Аймактар

А-95 (май)

А-95 (июнь)

Дизель (май)

Дизель (июнь)

Кыргызстан

85,36 с.

85,77 с.

91,53 с.

93,02 с.

Бишкек ш.

84,42 с.

84,90 с.

91,19 с.

92,80 с.

Балыкчы ш.

87,20 с.

88,08 с.

90,90 с.

92,56 с.

Баткен ш.

87,30 с.

87,55 с.

93,92 с.

94,94 с.

Ош ш.

86,84 с.

87,00 с.

93,43 с.

94,53 с.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media