Өзгөндө суткасына 5 тонна күрүч таңгактай турган логистикалык борбор ачылды

Өзгөндө суткасына 5 тонна күрүч таңгактай турган логистикалык борбор ачылды

Өзгөн районунда күрүчтү кайра иштетүү жана таңгактоо боюнча заманбап логистикалык борбор ачылып, пайдаланууга берилди. Долбоор жергиликтүү дыйкандардын өндүргөн продукциясынын сапатын жогорулатууга жана анын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, логистикалык борбордун курулушу 2025-жылдын август айында башталган. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 14 млн 790 миң 786 сом каражат жумшалган.

Анын ичинен 10 млн 225 миң сом Ош облусун өнүктүрүү фондунан, 2 млн 565 миң сом Өзгөн районун өнүктүрүү фондунан жана 2 млн сом жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Мындан тышкары, АРИСтин CASA-1000 долбоорунун алкагында 6 млн 800 миң сомго заманбап жабдуулар сатылып алынган.

Жаңы логистикалык борбор суткасына 5 тонна күрүчтү тазалап, вакуумдук таңгактоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул өз кезегинде дыйкандарга өндүргөн күрүчүн даяр продукция катары ички жана тышкы рынокторго чыгарууга шарт түзөт.

Долбоор айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга өбөлгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media