Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды

8-июнда МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, агроөнөр жай тармагындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынына даярдык көрүү, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү, соода инфраструктурасын өркүндөтүү жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун, ошондой эле “Камбар-Ата ГЭС-1” долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды. Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media
Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкек шаарында курулуш кранын коопсуздук талаптарын бузуу менен пайдаланган "Кент Строй" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылуусунун негизинде Юдахин көчөсү, 64 дарегинде курулуп жаткан 19 кабаттуу турак үй текшерилген. Учурда объектте 16-кабаттын жабуусун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ишкер Media