Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча көзөмөлдү күчөтөт

Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча көзөмөлдү күчөтөт

11-июнда Президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыков өлкөнүн финансы-экономикалык тутумунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу билдирүү жасады.

Экономика жана коммерция министринин айтымында, мамлекеттин финансылык инфраструктурасын жана экономиканын айрым секторлорун санкцияларды айланып өтүү же мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн пайдаланууга жол бербөө боюнча системалуу чаралар көрүлүп жатат.

Бакыт Сыдыков президент Садыр Жапаровдун 2026-жылдын 3-июнундагы №198 Жарлыгы менен санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери боюнча атайын өкүл болуп дайындалганын айтып, бул чечим мамлекеттик органдардын ишин координациялоону жана эл аралык өнөктөштөр менен бирдиктүү позицияны камсыздоого багытталганын билдирди.

“Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 3-июнундагы №198 Жарлыгына ылайык, мен президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалдым. Мамлекет башчысынын бул чечими өлкө экономикасын санкциялык тобокелдиктерден коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин так координациялоого, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр, эл аралык уюмдар жана финансылык институттар менен өз ара аракеттенүүдө Кыргыз Республикасынын бирдиктүү позициясын иштеп чыгууга багытталган”, – деди ал.

Министр өзгөчө көңүл виртуалдык активдер рыногуна бурулуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул тармак экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү менен бирге, мыйзамсыз каржылоо, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү сыяктуу тобокелдиктерди да жаратышы мүмкүн.

“Кыргыз тарап виртуалдык активдер тармагына өзгөчө көңүл бурууда. Санариптик финансылык технологиялардын өнүгүшү экономика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бирок ошол эле учурда натыйжалуу жөнгө салууну жана көзөмөлдү талап кылат”, – деди Бакыт Сыдыков.

Ошондой эле министр Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин түзүлүшү тармактагы көзөмөлдү күчөтүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Мындан тышкары, министр Кыргызстан батыштагы өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын белгилеп, алардын өтүнүчү боюнча санкциялык тобокелдиктери жогору деп эсептелген 50 юридикалык жакты жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады.

“Батыштагы өнөктөштөрдүн өтүнүчү боюнча учурда алардын пикиринде жогорку санкциялык тобокелдиктерге ээ операцияларга тартылган болушу мүмкүн болгон 50 юридикалык жакты жоюу иштерин жүргүзүп жатабыз”, – деп белгиледи министр.

Ал ошондой эле Кыргызстан санкциялык саясат маселелеринде ачыктыкты, жоопкерчиликти жана эл аралык укукка берилгендикти кармана берерин айтып, өлкөнүн финансылык системасын жана виртуалдык активдер рыногун мыйзамсыз максаттарда пайдаланууга жол берилбей турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде: • предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы • ашкана, компьютердик класс, дарыгер

Ишкер Media
Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй башкармалыгы Жайыл районунун Сосновка айылындагы таштанды полигонундагы өрт боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жыйынтыкта "Таза Сосновка" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 23 000 сом айып салынды. Мындан тышкары ишкана өкүлдөрүнө полигондо өрт чыгарбоо жана экологиялык

Ишкер Media
Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн таштанды таштоочу жайынын экологиялык паспортунун колдонуу мөөнөтү узартылган эмес, аталган айыл өкмөтүнө буга чейин регионалдык башкармалык тарабынан беш пункттан турган эскертме берилген. Бирок талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнө 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен

Ишкер Media
Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, тараптар Чүйдүн Шопоков шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү

Ишкер Media