"Кепилдик фонду" 10 жылда 21 миңден ашык кепилдик берди

"Кепилдик фонду" 10 жылда 21 миңден ашык кепилдик берди

2025-жылдын 31-майына карата "Кепилдик фонд" ААКсы ишмердүүлүгү башталгандан бери ишкерлерге жалпы суммасы дээрлик 20 млрд сомду түзгөн 21 674 кепилдик берди. Анын натыйжасында өлкө экономикасына 61 млрд сомго жакын кредиттик каражат тартылды.

Фонддун маалыматына ылайык, жалпы кепилдиктердин 61% айыл чарба тармагына туура келет. Фонддун колдоосу менен бул тармактагы ишкерлер 11 млрд сомдон ашык кредиттик каражат алышкан.

Өнөр жай ишканалары 10,5 млрд сомдон ашык, ал эми айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар 8 млрд сомдон ашык кредит тарткан. Бул тармактар жалпы каржылоонун болжол менен 30% түзөт.

Кепилдиктердин 70% жакыны региондордогу ишкерлерге берилген. Бул жергиликтүү бизнести өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда.

Он жыл ичинде кепилдик механизми өзүнүн натыйжалуулугун далилдеп, миңдеген чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө каржылоого жетүүгө жардам берди.

Быйыл 10 жылдыгын белгилеп жаткан "Кепилдик фонд" ААКсы ишкерлердин каржылоого жетүүсүн кеңейтүү багытындагы ишин улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media
Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкекте курулуш кранын кооптуу пайдаланган компанияга айып салынды

Бишкек шаарында курулуш кранын коопсуздук талаптарын бузуу менен пайдаланган "Кент Строй" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жарандардын кайрылуусунун негизинде Юдахин көчөсү, 64 дарегинде курулуп жаткан 19 кабаттуу турак үй текшерилген. Учурда объектте 16-кабаттын жабуусун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ишкер Media