Жаңгак-мөмө токойлору: экологиялык мурас жана экономикалык ресурс

Жаңгак-мөмө токойлору: экологиялык мурас жана экономикалык ресурс

Жалал-Абад облусунда өткөн “Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору” аттуу эл аралык илимий конференцияда өлкөнүн реликттүү токойлорун сактоо менен катар алардын экономикалык дараметин натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Токой кызматынын директору Нургазы Чодоев, ошондой эле Европа жана Азиянын 20дан ашык өлкөсүнөн келген 30дан ашуун эл аралык эксперттер, окумуштуулар, экологдор, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, жаңгак-мөмө токойлорунун биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурушту.

Адистердин айтымында, Кыргызстандагы Арстанбап баштаган реликттүү жаңгак-мөмө токойлору дүйнөдөгү эң ири табигый токой массивдеринин бири болуп саналат. Алар атмосферадагы көмүр кычкыл газын сиңирип, экологиялык тең салмактуулукту сактоого жана климаттык тобокелдиктерди азайтууга жардам берет.

Ошол эле учурда жаңгак-мөмө токойлору өлкө экономикасы үчүн да маанилүү ресурс болуп эсептелет. Жаңгак, бадам, мисте жана башка токой продукцияларын чогултуу, кайра иштетүү жана экспорттоо миңдеген жергиликтүү тургундардын киреше булагын түзөт. Конференцияда токой продукцияларынын кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү, кайра иштетүүнү кеңейтүү жана санариптик технологияларды киргизүү аркылуу тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.

Конференциянын алкагында уюштурулган Арстанбаптагы талаа иш-сапарында катышуучулар токойлордун учурдагы абалы менен таанышып, аларды сактоо жана туруктуу пайдалануу боюнча сунуштарын беришти.

Эксперттер белгилегендей, жаңгак-мөмө токойлорун коргоо – бул бир гана экологиялык эмес, экономикалык мааниге да ээ маселе. Токойлордун сакталышы аймактардагы калктын жашоо деңгээлин жакшыртып, экотуризмди өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Түптө жемиш кайра иштетүүчү цех курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагында жаңы экономикалык долбоор башталды. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги билдирди. НПИС алкагында "Жем жемиштерди кайра иштетүү цехин куруу" долбоору ишке киргизилди. Анын максаты - жергиликтүү дыйкандардын продукциясын чийки зат катары эмес, кайра иштетип, кошумча нарк менен сатуу. Маалым болгондой,

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкекте жылуулук качан бериле турганы айтылды

Бишкек шаарында жылуулук берүү алдынкы күндөрдөгү аба-ырайына байланыштуу болот. Бул тууралуу "Ишкер медиасына" Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, өлкөдө 5 күн менен катары аба-ырайы +8 градустан төмөн болгон учурда бериле баштайт. Ошондой эле, муниципалдык ишканалардын бардыгы шаардын объектилерине жылуулукту өз убагында туташтырууга толук даяр экени

Ишкер Media
Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Кыргызстанда органикалык айыл чарба аянты 101 миң гектардан ашты

Жыл башында бул көрсөткүч 61,5 миң гектарды түзгөн. 2029-жылга чейин аны 200 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 2026-жылы тармакта бир катар чечимдер кабыл алынды: Президенттин Жарлыгы менен сентябрь айынын акыркы жума күнү Улуттук органикалык айыл чарба күнү болуп белгиленди. 2025-2029-жылдарга

Ишкер Media
Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

“Бишкек Аренанын” ачылышынан кийин, 18-октябрда өтө турган Шакиранын концертине - акысыз билет же чакыруу сурап өкмөт өкүлдөрүнө кайрылгандар көп болуп жатат. Ушундан улам Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков өзүнүн баракчасында, Шакиранын концертине акысыз билет жана чакыруу болбостугун билдирди. Дайыр Орунбековдун айтымында, Шакиранын келип, концерт коюшу коммерциялык жана киреше

Ишкер Media