Мамлекеттик облигацияларды MegaPay аркылуу сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Мамлекеттик облигацияларды MegaPay аркылуу сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт

Финансы министрлиги Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин негизинде калк үчүн мамлекеттик казына облигацияларынын пилоттук чыгарылышын ишке киргизет.

Ведомствонун малыматына ылайык, долбоордун алкагында баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана алардын жүгүртүлүшү боюнча сооданы Кыргыз фондулук биржасы уюштурат. Негизги максат — мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана өлкөдө инвестициялык маданиятты өнүктүрүү.

Мамлекеттик казына облигацияларынын жүгүртүү мөөнөтү 2 жылды түзөт. Бир облигациянын номиналдык баасы 100 сом болсо, минималдуу сатып алуу суммасы 1000 сомдон башталат. Жалпы чыгарылыш көлөмү 500 миллион сомду түзөт.

Облигациялар боюнча жылдык кирешелүүлүк 17% деңгээлинде белгиленген. Пайыздык төлөмдөр облигация ээлерине квартал сайын жүргүзүлүп турат. Ал эми негизги салынган каражат облигациянын мөөнөтү аяктагандан кийин толугу менен кайтарылат.

Мисалы, жаран 100 миң сомдук мамлекеттик облигация сатып алган учурда, эки жыл ичинде жалпысынан 34 миң сом киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сомдон төлөнүп турат. Мөөнөт аяктаганда негизги 100 миң сом толугу менен кайтарылат.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздар дүйнөлүк практикада эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат. Анткени пайыздык кирешени төлөө жана негизги каражатты кайтаруу мамлекет тарабынан кепилденет.

Пилоттук долбоордун өзгөчөлүгү — мамлекеттик облигацияларды сатып алуу мурдагыга караганда кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөнү. Эми жарандар MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу сутканын каалаган убагында мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алып, жеке инвестициялык портфелин түзө алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media