Өлкөнүн ички дүң жыйымы 12,2%га өстү

Өлкөнүн ички дүң жыйымы 12,2%га өстү

2026-жылдын январь–май айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДП) көлөмү 781 миллиард 61,4 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2%га өскөн. Ал эми апрель айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 12,4%ды түзгөн.

ИДПнын түзүмүндө тейлөө чөйрөсү 51,1%дан ашык үлүштү ээлесе, товар өндүрүү тармактары 32,6%ды, ал эми өндүрүмгө салынган таза салыктар 16,3%ды түздү.

Өнөр жайдагы өсүш

2025-жылдын январь–май айларына салыштырмалуу өнөр жай тармагы 14,4 пайызга өскөн. Өсүшкө негизинен төмөнкү тармактар салым кошкон:

  • химиялык продукция өндүрүү — 3 эсеге;
  • фармацевтика — 1,8 эсеге;
  • жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия — 1,7 эсеге;
  • унаа каражаттарын өндүрүү — 1,6 эсеге.

Беш айдын ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 374 миллиард 656,1 миллион сомду түздү.

Баалар жана инфляция

Январь–май айларында керектөө баалары жана тарифтер 4,8 пайызга өскөн. Жылдык инфляция 11 пайызга жеткен.

Баалардын өсүшү бардык негизги багыттарда катталган:

  • кызмат көрсөтүүлөр — 7,1%;
  • алкоголдук ичимдиктер жана тамеки — 6,5%;
  • тамак-аш жана алкоголсуз ичимдиктер — 4,8%;
  • азык-түлүк эмес товарлар — 2,8%.

Адистердин баалоосунда, экономикалык өсүш негизинен өнөр жайдын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейиши менен байланыштуу.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы талаптарды бузган жактарга жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы талаптарды бузган компанияларга айып пулдарды көбөйтүү, ал эми айрым оор мыйзам бузуулар үчүн лицензиясын жокко чыгаруу же компанияны жоюу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун КРнын Финансы министрлиги 20-октябрда коомдук талкууга чыгарды. Аны талкуулоо 4-ноябрга чейин уланат. Долбоордо Укук бузуулар жөнүндө

Ишкер Media
Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн атын берүү демилгелинүүдө

Кыргызстан 2027-жылы Манас шаарына Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору статусун берүү демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жаштар жана спорт министрлеринин 10-мааракелик жыйынында билдирди. Министр буга байланыштуу Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдү бул сунушту

Ишкер Media
"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

"Манас" эл аралык аэропортунда мечит салынат

“Манас” эл аралык аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен айырмаланган жаңы мечиттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору мекемесинин маалымат кызматы кабарлайт. Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.  Мечиттин

Ишкер Media
Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Өлкөдө абанын сапатын жакшыртуу багытында иштер аткарылууда

Жаратылыш министрлиги Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында эки күндүк окуу жана тажрыйба алмашуу семинарын өткөрдү. Бул тууралуу 21-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Окутууда Кореянын абанын сапатын башкаруу системасы, атмосферага бөлүнүп чыккан булгоочу заттардын көлөмүн эсептөө жана көзөмөлдөө ыкмалары,

Ишкер Media