Чүйдө суткасына 180 миң жумуртка өндүрүүчү жаңы канаттуулар фабрикасы ачылды

Чүйдө суткасына 180 миң жумуртка өндүрүүчү жаңы канаттуулар фабрикасы ачылды

Чүй облусунда асыл тукум канаттууларды өстүрүүчү «Три Т» заводунун негизги өндүрүш объектилеринин бири болгон «Кировец» канаттуулар фабрикасы расмий ачылды. Агроөнөр жай долбоору Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

Бул тууралуу РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем  Новиков өз баракчасында белгилеген. Анын билдирүүсүнө караганда, жаңы ишкана суткасына 180 миң даанага чейин жумуртка өндүрүүгө жөндөмдүү. Бул долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт.

Азыркы иштеп жаткан жана жаңы өндүрүш кубаттуулуктарын эске алганда, ишкана Кыргызстандагы тоок жумурткасына болгон ички керектөөнүн 15 % камсыздай алат. Ошондой эле жаңы фабрика 25 жумушчуну иш менен камсыз кылууда.

“Президент Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстанда башталган ар бир долбоор аягына чейин жеткирилиши керек. РКӨФ “Аталык” компаниялар тобун тоют өндүрүүдөн тартып канаттууларды инкубациялоого жана заманбап технологиялар менен жумуртка өндүрүүгө чейинки вертикалдык интеграцияланган кластерди түзүүдө колдоду. Азыркы учурда жаңы өндүрүш аянтчасында төрт цех ишке берилди. Ар биринде 50 миңден тоок багылса, жалпы канаттуулардын саны 200 миң башка жетти”, — деп белгиледи, Артем Новиков.

РКӨФ өкүлү бул долбоор - тоок жумурткасын өндүрүү боюнча толук циклдүү өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталгандыгын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу

Ишкер Media
4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды. Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү,

Ишкер Media
Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Борбор калаада коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, "Санариптик технологиялар борбору" ишканасы "Акылдуу аялдама" долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотту. Орнотуу иштери уланууда. Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аялдамасына автобус

Ишкер Media
Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media