Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүнү улантууда

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүнү улантууда

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа жогорулашын улантууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин айрым керектөө товарларынын орточо баалары боюнча жүргүзгөн күнүмдүк мониторингинин жыйынтыктары көрсөтүүдө.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын июнь айында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы өлкө боюнча литрине 86,80 сомду түздү. Май айында бул көрсөткүч 85,35 сом болгон. Натыйжада бир ай ичинде бензиндин баасы 1 сом 45 тыйынга кымбаттаган.

Ошондой эле дизель майынын баасы дагы өсүүдө. Эгер май айында анын орточо баасы литрине 91,53 сом болсо, июнь айында 93,62 сомго жеткен. Башкача айтканда, дизель майы бир ай аралыгында орточо эсеп менен 2 сом 09 тыйынга кымбаттаган.

Билдирүүгө караганда, күйүүчү майдын баасынын өсүшү транспорттук чыгымдарга жана айрым товарлардын өздүк наркына таасир этиши мүмкүн. Айрыкча дизель майынын кымбатташы айыл чарба, жүк ташуу жана логистика тармактары үчүн маанилүү фактор болуп саналат.

Улуттук статистика комитетинин бааларга мониторингинин жыйынтыгында, эң жогорку көрсөткүч Баткен шаарында катталганы белгилүү болду.

Салыштырмалуу таблицада май жана июнь айларындагы Кыргызстандын аймагындагы А-95 маркасындагы бензин менен дизель майына болгон эң арзан жана эң кымбат көрсөткүчтөр сунушталды:

Аймактар

А-95 (май)

А-95 (июнь)

Дизель (май)

Дизель (июнь)

Кыргызстан

85,36 с.

86,80 с.

91,53 с.

93,62 с.

Талас ш.

84,40 с.

85,48 с.

85,16 с.

88,46 с.

Бишкек ш.

84,42 с.

86,47 с.

91,19 с.

93,49 с.

Манас ш.

84,26 с.

84,84 с.

90,74 с.

92,62 с.

Баткен ш.

87,30 с.

88,13 с.

93,92 с.

95,09 с.

Ош ш.

86,84 с.

87,56 с.

93,43 с.

95,06 с.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу

Ишкер Media
4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды. Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү,

Ишкер Media
Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Борбор калаада коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, "Санариптик технологиялар борбору" ишканасы "Акылдуу аялдама" долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотту. Орнотуу иштери уланууда. Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аялдамасына автобус

Ишкер Media
Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media