Мультипликативдик натыйжалуу инвестиция: Бишкекте өндүрүштү өнүктүрүү үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Мультипликативдик натыйжалуу инвестиция: Бишкекте өндүрүштү өнүктүрүү үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды

Бишкекте өнөр жай тармагынын өкүлдөрүнүн, фондулук рыноктун катышуучуларынын жана потенциалдуу инвесторлордун жолугушуусу болуп, өндүрүшкө узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуунун механизмдери жана ата мекендик ишканалардын IPOго чыгуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Болоттой бекем талап

Кыргызстандын калкы жыл сайын болжол менен 150 миң адамга көбөйүп, жаңы турак жай, социалдык объектилер жана коммерциялык кыймылсыз мүлккө суроо-талап жогорулап жатат. Акыркы алты жылдын ичинде эле өлкөнүн курулуш көлөмү 7,5 эсеге - 56дан 438 млрд сомго чейин өстү, ал эми турак жай фондунун жылдык өсүшүнүн көлөмү 20%дан ашты.

Курулуш рыногунун кеңейиши арматурага болгон узак мөөнөттүү суроо-талапты жаратып – ал жылына 1 млн тоннадан ашат. Ошол эле учурда Кыргызстан импортко көз каранды бойдон калып, муктаждыгынын болжол менен 95% Россиядан келген жеткирүүлөр аркылуу канааттандырылып жатат. Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү тышкы жеткирүүчүлөргө көз карандылыкты акырындык менен төмөндөтүп, логистикалык чыгымдарды азайтат, импорттук үстөктөрдөн обочолонуп, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатат.

Мындай мүмкүнчулүктөрдү өнөр жай, фондулук рыноктун өкүлдөрү жана потенциалдуу инвесторлор Бишкектеги металлургиялык компаниялардын биринин мисалында талкуулашты.

Өндүрүштү кеңейтүүгө болгон басым

Курулуш секторунун өсүшү жана металл продукциясына болгон суроо-талаптын көбөйүшү ата мекендик металлургияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түздү. 2017-жылы Кара-Балтанын өнөр жай аймагында A500C стандартында курулуш арматурасын чыгарууга адистешкен Кыргызстандагы биринчи, толук циклдүү металлургиялык завод “Азия Сталь” ачылган.

Бүгүн “Азия Сталь” жаңылануунун биринчи этабын аяктап, анын айлык өндүрүшүнүн кубаттуулугу 2,5 тоннадан 6 миң. тоннага чейин көбөйдү. Компания бул көрсөткүчтү 14-15 миң. тоннага чейин жеткирүүнү, жүгүртүү капиталын көбөйтүп, электр дуголук мештин базасында электр болот эритүү өндүрүшүнүн жаңы деңгээлине чыгарууну жана иштеп чыгуучулар “бирдиктүү терезе” аркылуу керектүү нерселердин баарын алышы үчүн ассортиментти кеңейтүүнү ниеттенүүдө.

Бул этапты ишке ашыруу үчүн компания фондулук рынок аркылуу инвестиция тартууну пландаштырууда. Металлургиялык завод 19 млн$ суммасында артыкчылыктуу акцияларды чыгарууну жарыялады. Чекене инвесторлор үчүн да салымдар жеткиликтүү: минималдуу сатып алуу лоту - 8000 сомду түзөт. Эмитент жылына 19%га чейин кирешелүүлүктү сунуштайт, квартал сайын дивиденддерди төлөп турат. Баалуу кагаздарды жүгүртүү мөөнөтү - 36 ай, андан кийин инвесторлорго толук кайтарылып берилет. Ошол эле учурда банктык депозиттерден айырмаланып, баалуу кагаздарды - экинчи рынокто топтолгон пайыздарды жоготпостон сатууга болот.

“Биз үчүн фондулук рынокко кирүү – бул жөн гана капиталды тартуунун жолу эмес, стратегиялык жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк. Бизге заводду өнүктүрүүгө тышкы инвесторлор гана эмес, жарандарыбыз да катышуусу маанилүү, анткени биз өзүбүздү элдик ишкана катары сунуштайбыз. Андан тышкары, бул механизм компания үчүн да, инвесторлор үчүн да ачык-айкын жана түшүнүктүү эрежелерди камсыз кылат”, - деп белгиледи “Азия Сталдын” башкы директору Мурат Тыныстанов.

Анын божомолуна караганда, алдыдагы үч жылда металлургиялык тармак тездик менен өсүшүн байкоого болот.

“Биз Кыргызстандын металлургия тармагында пионер болгондуктан, биздин максатыбыз - анын лидери болуу. “Азия Сталь” өлкө жетекчилиги тарабынан колдоого алынган 113 улуттук деңгээлдеги долбоордун бири жана бул өсүш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошол эле учурда биз курулуш арматурасын өндүрүүдөн тышкары келечекти көрүп турабыз. Металлургия - бул продукциялардын кеңири ассортименти: баракчалуу прокат, профилдер, бекиткичтер жана башка көптөгөн нерселер. Ошондуктан, биз алдыдагы жылдары Кыргызстанда металлды ижаралоо рыногу да, тоо-кен, металлургия тармагы да активдүү өнүгөт деп ишенебиз”, - деп жыйынтыктады ал.

Чек арасыз инвестиция

Envoys Vision Digital Exchange санарип биржасынын башкармасынын төрагасы Алмазбек Шабданов фондулук рынок аркылуу инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди.

2021-жылы компания фондулук биржа жана депозитардык лицензияларды алган, ал эми виртуалдык активдер үчүн мыйзам чыгаруу базасы түптөлгөндөн кийин, ал крипто биржа жана крипто алмаштыруу лицензияларын да алган. Натыйжада, салттуу финансылык инструменттерди жана санариптик активдерди айкалыштырган универсалдуу платформа түзүлгөн.

Алмазбек Шабдановдун айтымында, алдыдагы максаттардын бири - дүйнөнүн каалаган жеринен келген инвесторлор, анын ичинде ири виртуалдык кирешени экономиканын реалдуу секторуна которууну каалагандар - бир чыкылдатуу менен кыргызстандык ишканаларга инвестиция салышын камсыз кылуу.

Айрым учурларда ата мекендик ишканаларга инвестиция салуу экономика үчүн мультипликативдик натыйжа берип, өнөр жайдын өнүгүшүнө салым кошуп, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулаткандыктан, ата мекендик ишканалар IPO (акцияны баштапкы коомдук жайгаштыруу) рыногун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушат.

“Акыркы жылдары биз туруктуу тенденцияны байкап жатабыз: ири жана амбициялуу долбоорлорду ишке ашырып жаткан ишкерлер капитал тартуунун куралы катары фондулук рыноктун, акциялардын жана облигациялардын мүмкүнчүлүктөрүн барган сайын жакшы түшүнө башташты. Бул инструменттер күрөө талаптары азыраак болгондуктан, кредитке караганда кызыгуу жаратып жатат”, — деди Алмазбек Шабданов.

Ал баалуу кагаздарды ачык жайгаштыруу жогорку деңгээлдеги ачык-айкындуулукту жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын сактоону талап кылаарын эскертти. Ошону менен бирге, бул механизм - компанияларга узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга жана рыноктогу аброюн бекемдөөгө мүмкүндүк берип, инвесторлор бизнес долбоорлордун өнүгүүсүнө коопсуз катышып, туруктуу киреше алуу мүмкүнчүлүгү жаралаарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Оштун Ишкаван айылында 700 орундуу мектеп курулууда

Оштун Ишкаван айылында 700 орундуу мектеп курулууда

Ош шаарынын Ишкаван айылындагы жаңы мектептин курулушу тынымсыз уланууда. Учурда имараттын экинчи кабатынын плиталарын орнотулуп, дубалдарын тургузуу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, Башкы планга ылайык, имараттын  жалпы аянты 5 613 чарчы метрди түзүп, 3 кабаттан турат. Мектеп заманбап талаптарга

Ысык-Көлдүн суусунан 35 үлгү алынды

Ысык-Көлдүн суусунан 35 үлгү алынды

Кыргызгидромет 2030-жылга чейин Ысык-Көлдүн экологиялык абалын көзөмөлдөө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бекиткен иштердин алкагында көлдүн суусунун сапатына кеңири байкоо жүргүздү. Маалыматка ылайык, мониторингдин максаты — көлдүн суусунун сапатын жана андагы өзгөрүүлөрдү баалоо. Экспедиция көлдүн бүткүл мейкиндигин камтып, 8-июндан 13-июнга чейин 17 көзөмөл жайында жүргүзүлгөн. Изилдөөлөр суунун үстүңкү

Кара-Суу районунда 61 км жол жасалууда

Кара-Суу районунда 61 км жол жасалууда

2026-жылга карата бектилген планга ылайык, Кара-Суу району боюнча жалпысынан 61 чакырым 690 метр жолго асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош ­– Кара-Суу унаа жолун оңдоп-түзөө долбоорунун алкагында узундугу 18 чакырым 690 метр чакырым жол асфальтталууда. Жолдун

Кочкор районунун Чолпон айылына спорттук комплекс курулат

Кочкор районунун Чолпон айылына спорттук комплекс курулат

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун тургундары менен жолугушту. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, иш-чара ачык диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө жашоочулар актуалдуу суроолорун Мамлекет башчысына түз бере алышты. Жолугушуу учурунда жарандардын айрым категорияларын турак жай менен камсыз кылуу, социалдык