Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 18,2%га азайды

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 18,2%га азайды

2026-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,2%га кыскарды.

Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитети - Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда мамлекеттик иш менен камсыз кылуу органдарында жумуш издеп каттоодо турган жарандардын жалпы саны 60,2 миң адамды түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,7%га аз.

Алардын ичинен расмий катталган жумушсуздардын саны 38,7 миң адамды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 18,2%га төмөндөгөн. Алардын 45,9%ын аялдар түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, катталган жумушсуздуктун деңгээли өлкөдөгү жалпы жумушчу күчкө карата 1,4%ды түзгөн.

Таблицада 2026-жылдын 1-майына карата мамлекеттик жумуш менен камсыз кылуу органдарында каттоого алынган жумушсуздардын саны келтирилген:

Аймактар

Жалпы саны

Өлкө боюнча  

38 741

Баткен облусу  

4 539

Жалал-Абад облусу  

9 867

Ысык-Көл облусу    

2 123

Нарын облусу 

1 160

Ош   облусу 

10 810

Талас облусу 

2 456

Чүй облусу    

1 535

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 43,4 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, райондо транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор каралууда. Атап айтканда, Казарман айылында болжолдуу

Ишкер Media
Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда аянты 14 469 чарчы метр болгон жаңы автобекет салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Иштер 2025-жылдын январында башталган. Автобекет 2 кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр

Ишкер Media
Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media
Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу

Ишкер Media