Электрондук сооданы өнүктүрүү Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунда талкууланды

Электрондук сооданы өнүктүрүү Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунда талкууланды

Бельгиянын борбору Брюссель шаарында Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун (БДБУ) Кеңешинин 147/148-жылдык сессиясы өтүп, ага КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев баштаган делегация катышты.

Сессиянын жүрүшүндө БДБУга мүчө 187 мамлекеттин өкүлдөрү 2025–2028-жылдарга карата Стратегиялык планды ишке ашыруу, бажы кызматын санариптештирүү, жасалма интеллект жана маалыматтарды талдоо технологияларын колдонуу, тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү, электрондук сооданы өнүктүрүү жана эл аралык жеткирүү чынжырларынын коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулашты.

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, жыйындын алкагында Алмаз Салиев Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда кыргыз тарап өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бажы кызматын модернизациялоо, заманбап маалыматтык-аналитикалык чечимдерди, интеллектуалдык тобокелдиктерди башкаруу системаларын жана алдын ала маалыматтарды талдоо технологияларын киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле тараптар Мамлекеттик бажы кызматынын БДБУнун инновациялык санариптик технологияларды жана интеллектуалдык тобокелдиктерди башкаруу системаларын жайылтууга багытталган пилоттук долбоорлоруна катышуусун кеңейтүү маселесин талкуулашты.

Өз кезегинде БДБУнун Башкы катчысы Ян Сондерс Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан бажы реформаларын жогору баалап, алардын эл аралык бажы стандарттарына жана заманбап администрлөө талаптарына шайкеш экенин белгиледи.

 

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Талас шаарында аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөлөрү бар 50 үй-бүлөгө 15 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, социалдык жардам көрсөтүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 6 каптан көмүр берилди. Жардам алуучулардын тизмеси тиешелүү башкармалыктын

Ишкер Media
3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

Кыргызстандык студенттер Красноярск шаарында өткөн Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Илим министрлигинен кабарлады. Маалым болгондой, олимпиаданын финалдык этабына 45 өлкөдөн 700гө жакын катышуучу катышты. Жыйынтыгында 35 өлкөдөн келген 219 катышуучу жеңүүчү жана байге ээси аталды. Алардын 193ү студенттер болду. Финалдын жыйынтыгы боюнча

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Тородо 3 миң гектардан ашык жерди сугаруу үчүн 2 канал куруу пландалууда

Тогуз-Торо районунда жалпы 3 миң 256 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылууга багытталган эки каналдын курулушу пландалууда. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын бири - 800 гектар жерди сугарууга мүмкүндүк бере турган "Кара-Талаа" каналы. Долбоордун алдын ала

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media