Алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, “Түндүк” аркылуу ыкчам арыз бериңиз

Алдамчылыктын курмандыгы болсоңуз, “Түндүк” аркылуу ыкчам арыз бериңиз

Кыргызстандыктар эми интернет алдамчылыгы же шектүү чалуулар болсо, мамлекеттик органдарга “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн негизде, ыкчам кайрыла алышат.

 Эгер жаранга шектүү телефон чалуу же билдирүү келип, же ал шылуундардын курмандыгы болуп калса, арызды электрондук түрдө жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Тиркеме аркылуу колдонуучулар:

-        электрондук кайрылуу түзө алышат;
-        тиешелүү мамлекеттик органды тандай алышат;
-        сүрөт, скриншот - далилдөөчү материалдарды тиркей алышат;
-        кайрылууну онлайн жөнөтө алышат. 

Адистер белгилегендей, шылуундук тууралуу мүмкүн болушунча эрте кабарлоо окуяны ыкчам иликтөөгө жана мындай кылмыштардын алдын алууга жардам берет.

Ошол эле учурда жарандарга сак болуу сунушталат. Банктар кардарлардан эч качан акча каражаттарын «коопсуз» же «резервдик» эсептерге которууну талап кылбайт, ошондой эле SMS-коддорду, PIN-кодду, CVV-кодду, сырсөздөрдү же мобилдик тиркемеге кирүү маалыматтарын сурабайт. Мындан тышкары, эсептеги же депозиттеги каражаттарды чыгарып, үчүнчү жактарга өткөрүп берүүнү талап кылган чалууларга ишенбөө керек.

0:00
/1:55

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media
Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12 % деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Тиешелүү чечим 26-октябрда кабыл алынып, бүгүн, 27-октябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы айда инфляциянын өсүү темпи басаңдаган. Октябрь айында жылдык инфляция сентябрдагы 12,2 %дан 10,8 %га төмөндөгөн.

Ишкер Media