Кыргызстанга эл аралык жүк ташуу логистикасын ачуу демилгеленди

Кыргызстанга эл аралык жүк ташуу логистикасын ачуу демилгеленди

Дүйнөдөгү экспресс-жеткирүү жана логистика тармагындагы эң ири операторлордун бири, өнүккөн эл аралык түйүндүн жана күн сайын миллиондогон жөнөтүүлөрдүн ээси ZTO Express кытай логистикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. 

"Кыргызстан аэропортторунун” төрагасы Манасбек Самидиновдун маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мультимодалдык логистиканы пайдаланып Бишкекти Европа өлкөлөрү менен байланыштырган жаңы эл аралык жүк ташуу маршрутун ишке киргизүү маселеси талкууланды. 

Долбоордо жүктөрдү адегенде автомобиль транспорту менен Кыргызстанга жеткирүү, андан соң аларды “Манас” эл аралык аэропортунда иштетип жана кайра жүктөп, анан аба транспорту аркылуу Европадагы алуучуларга жөнөтүү каралган.

Кыргызстан үчүн бул жөн гана жаңы логистикалык маршрут эмес. Бул заманбап транзиттик инфратүзүмдү калыптандыруу, жаңы эл аралык жүк агымдарын тартуу, аба аркылуу жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн экономикасына кошумча кирешелерди алып келуү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media
Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12 % деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Тиешелүү чечим 26-октябрда кабыл алынып, бүгүн, 27-октябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы айда инфляциянын өсүү темпи басаңдаган. Октябрь айында жылдык инфляция сентябрдагы 12,2 %дан 10,8 %га төмөндөгөн.

Ишкер Media