Кыргызстанда ширеңке чыгарган ишкана ачуу пландалууда

Кыргызстанда ширеңке чыгарган ишкана ачуу пландалууда

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү Өзбекстандын соода өкүлчүлүгү ширеңке продукциясын өндүрүүчү алдыңкы өзбек ишканасы – “MILLENIUM LIGHT” ЖЧКсынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шканага болгон сапардын жүрүшүндө соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү өндүрүштүк кубаттуулуктар, технологиялык цикл жана өндүрүлүп жаткан продукциянын көлөмү менен таанышышты. 

Тараптар Кыргызстандын аймагында биргелешкен ишкана түзүү мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу изилдөө, ошондой эле Кыргызстанда ширеңке продукциясын түз жеткирүүнү уюштуруу үчүн механизмдерди жана логистикалык каттамдарды иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.

Соода өкүлү Бакай Акбаралиевдин айтымында, бул долбоор логистикалык чыгымдарды оптималдаштырууга, ички базарды сапаттуу ширеңке продукциясы менен камсыз кылууга, ата мекендик өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде ишкананын жетекчилиги Кыргызстандын базарына чыгууга чоң кызыгуусун билдирди. Өзбек тарап биргелешкен ишкана түзүү долбоорун кароого жана жакынкы аралыкта өндүрүштүк-экономикалык маалыматтар менен өз ара алмашууну баштоого даяр экенин ырастады. Бул кызматташуунун келечегин жана анын экономикалык натыйжалуулугун ар тараптуу баалоого мүмкүндүк берет.

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media
Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12 % деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Тиешелүү чечим 26-октябрда кабыл алынып, бүгүн, 27-октябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы айда инфляциянын өсүү темпи басаңдаган. Октябрь айында жылдык инфляция сентябрдагы 12,2 %дан 10,8 %га төмөндөгөн.

Ишкер Media