“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты. 

Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы эркиндик менен айкалыша тургандыгын билдирди. 

“Бул долбоорду 5 жыл бою талдап, эл арлык тажрыйбаларды эске алуу менен киргизип отурабыз.“ Тамчы” АФИА – биздин  долбоор жана эл аралык бизнестин суроо-талаптарына болгон биздин жооп. Биз финансы борборун эң мыкты дүйнөлүк стандарттар, көз карандысыз сот, заманбап жөнгө салуучу жана кырдаалга жараша өзгөрбөгөн эрежелер менен нөлдөн баштап куруп жатабыз. Бул жерде резиденттерди көз карандысыз арбитраж жана мурда региондо курууга мүмкүн болбогон нерселерди куруу мүмкүндүгүн берген жөнгө салуучу чөйрө күтөт” - деп билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, инвестициялык аймак Евразиянын эң кооз бурчтарынын биринде, Тянь-Шань тоолору менен курчалган Ысык-Көлдүн жээгинде орун алышы менен көптөгөн инвесторлордун кызыгуусун жаратат. 

Долбоорду ишке ашыруу үчүн АФИА жөнүндө атайын мыйзам, президенттин эки жарлыгы жана өлкөнүн министрлер кабинетинин ондогон чечимдери кабыл алынып, улуттук мыйзамдар да ылайыкташтырылган.

Мындан сырткары, 25 мыйзамга, анын ичинде конституциялык мыйзамдарга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизип, “Тамчы” АФИАнын өзгөчө макамын Кыргызстандын укуктук системасына негиздүү түрдө киргизүүгө мүмкүндүк берген. Белгилей кетсек, “Тамчы” АФИА англис мыйзамдарынын принциптерине негизделген жана эл аралык жөнгө салуунун мыкты тажрыйбаларын колдонуу менен өзгөчө юрисдикцияга ээ аймак катары иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media
Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12 % деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Тиешелүү чечим 26-октябрда кабыл алынып, бүгүн, 27-октябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы айда инфляциянын өсүү темпи басаңдаган. Октябрь айында жылдык инфляция сентябрдагы 12,2 %дан 10,8 %га төмөндөгөн.

Ишкер Media