“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагына 20 млрд доллар инвестиция тартылат

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын расмий ачылыш аземи өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңы аймактын алгачкы чет өлкөлүк резидент-инвесторлоруна беш сертификат тапшырды.

Аземге Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышып, бул долбоор өлкөдөгү эң ири инвестициялык долбоорлордун бири экенин белгиледи.

Министрдин айтымында, 2031-жылга чейин АФИТке болжол менен 20 млрд доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып, 10 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлөт. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары үчүн каралат.
Бакыт Сыдыков белгилегендей, “Тамчы” АФИАны өзүнчө обочолонгон аймак эмес. Ал алдыңкы технологияларды жайылтууга, ишкердикти өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган заманбап инвестициялык платформа болуп саналат.

Ошондой эле келечектеги резиденттер үчүн каттоо жана лицензиялоо шарттары тааныштырылды. Долбоордун уюштуруучуларынын маалыматына ылайык, АФИАда иш жүргүзүү компанияларга операциялык жана жөнгө салуучу чыгымдарды дүйнөдөгү башка финансылык жана инвестициялык юрисдикциялар менен салыштырганда 60%га чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, “Тамчы” АФИА 2025-жылдын 10-июлундагы №136 мыйзамынын негизинде түзүлгөн. 2035-жылга чейин аймакта 3 900дөн ашык компанияны жайгаштыруу жана 10 миңден ашуун жумуш ордун түзүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media
Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12 % деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Тиешелүү чечим 26-октябрда кабыл алынып, бүгүн, 27-октябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы айда инфляциянын өсүү темпи басаңдаган. Октябрь айында жылдык инфляция сентябрдагы 12,2 %дан 10,8 %га төмөндөгөн.

Ишкер Media