TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

TAMCHY SFIT: бизнес үчүн ишеним жана эркиндик

Дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр - жаңы көз карандысыз бизнес борборлорго муктаж болуп турган кезде эл аралык стандарттар, инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы эркиндик тартуулап, Кыргызстанда “Тамчы” АФИА (атайын финансылык инвестициялык аймак) ачылды.
Бул аймакта эмне болот, ал эмнеси менен ишкерлер чөйрөөсүндө кызыгуу жаратат жана анын өлкөбүзгө кандай пайдасы бар экендигине “Ишкер медиа” кызыгып көрдү.

«Тамчы» АФИАнын ачылышы

5 жыл бою талдоо жүргүзүп, эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен бул долбоор иштелип чыгып, 2026-жылдын 3-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде «Тамчы» АФИАнын ачылышы болду. Расмий ачылыш аземине мамлекет башчы Садыр Жапаров, эл аралык эксперттер, финансисттер жана инвесторлор катышышты. Салтанаттуу аземдин алкагында Садыр Жапаров жаңы каржы борборунун дүйнөлүк финансылык картада пайда болушун символдоштурган геобелгини ишке киргизди. Ошондой эле  борбордун алгачкы резиденттери - Бириккен Араб Эмираттары, Гонконг, Швейцария, Түштүк Корея жана Казакстандан келген компанияларга атайын сертификаттарды тапшырды.

«Тамчы» АФИАнын  Башкаруу кеңешинин маалыматына караганда, азыркы тапта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн дагы 20 компания резидент катары катталуу процессинен өтүп жатат. Алардын саны 2035-жылга карата 3900 кишиге чейин жетиши күтүлүүдө.

““Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймакка компаниялар келгенде, алар менен кошо куруучуларга, жеткирүүчүлөргө, транспорттук компанияларга, мейманканаларга, ресторандарга, сервистик мекемелерге, фермерлерге жана ишкерлерге жаңы буйрутмалар келет. Ошентип бул долбоор элибизге жумуш, бизнеске жаңы мүмкүнчүлүк, ал эми мамлекетке экономикалык өсүүнүн жаңы булактарын берет.” – деп билдирди, Президент Садыр Жапаров.

Маалыматка караганда, эл аралык өнөктөштөр/инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң, зарыл болгон мыйзамдар кабыл алынып, укуктук негиздер түзүлгөн. Тагыраагы 25 мыйзамга, анын ичинде конституциялык мыйзамдарга бир топ өзгөртүүлөр киргизилип, “Тамчы” АФИАнын өзгөчө макамын Кыргызстандын укуктук системасына негиздүү түрдө киргизүүгө мүмкүндүк берилген.

Борбордун англис мыйзамдарына негизделген өзгөчөлүгү

«Тамчы» АФИАны жөнгө салуу англиялык жалпы укуктук принциптерге негизделген. Ага ылайык, аймакта өзүнүн - финансылык жөнгө салуучусу; эл аралык талаштарды чечүүчү борбору; бирдиктүү санариптик реестри иштеп турат. Эгерде талаш тартыш маселелер жаралса, ал көз карандысыз, эл аралык арбитраждык стандартка ылайык каралат.

Эн башкысы бул аймакка атайын салык режими киргизилип, 49 жылга чейин конституциялык кепилдик менен 0% салык каралган. Тагыраагы корпоративдик КНС, дивиденддер, капиталдын өсүшүнө жана чет элдик кызматкерлердин кирешесине салык алынбайт. Резиденттерге компанияга чет элдик жарандардын 100 пайыздык ээлик кылуу укугу жана кирешени эркин сыртка чыгаруу мүмкүнчүлүгү берилет.

Жалпы аянты 6 миң гектар жерди ээлеген аймакта азыр бизнес-борбор иштеп жатат. Бул жерде “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту жайгашкан, андан сырткары мейманканалар жана турак жайлардын курулушу жүрүп жатат.

“Тамчы” АФИАтын башкаруу кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, Makara Capital компаниясынын башкы директору, глобалдык активдерди башкарууда (Дүйнөлүк банк, Morgan Stanley, The Carlyle Group, Goldman Sachs) жыйырма жылдык тажрыйбасы бар эл аралык экспер Али Ижаз Ахмад жаңы борбор дүйнөлүк талаптарга ылайык түзүлгөнүн белгиледи.

“Ийгиликтүү эл аралык каржы борборлору дүйнөлүк капитал менен бизнес күткөн шарттар түзүлгөн жерде гана пайда болот. “Тамчы” АФИА дал ушул принцип менен түзүлдү. Бул - компанияларды өнүгүүнүн бардык баскычтарында коштой ала турган ишенимдүү жана ийкемдүү юрисдикция. Ал мыкты эл аралык тажрыйбалардын негизинде, англиялык жалпы укукка таянып жана Евразиянын чок ортосунда жайгашып, инвесторлорго көз карандысыз, узак мөөнөттүү бизнес жүргүзүү платформасын сунуштайт”, – деди Али Ижаз Ахмад.

Келечек муундар үчүн - инвестиция

“Тамчы” АФИА алгачкы резиденттеринин бири болуп, Түштүк Кореянын Serim компаниясы катталды. Анын башкы директору Со Дон Хёндун айтымында, ал бул жерге үйбүлөөлүк холдингин каттап, келечек муундарынын пайдасына колдонууну көздөп жатат:

«Жарым өткөргүчтөр, жогорку технологиялар жана энергетика тармагындагы инвестициялар боюнча отуз жылдык тажрыйбамда укуктук ачык-айкындуулук жана жөнгө салуу системасына болгон ишеним узак мөөнөттүү инвестициялардын негизи экенине ынандым. “Тамчы” АФИА дал ушул принциптерге негизделип түзүлгөн. Анын үстүнө, мындай масштабдагы долбоор болгону бир жылдын ичинде ишке ашырылды – бул мен билген башка юрисдикцияларга караганда кыйла тез болду. Мен бул жерде үй-бүлөлүк холдинг компаниямды каттадым. Бул мен үчүн бир нече жылга эмес, кийинки муундар үчүн жасалган инвестиция болуп саналат”, – деди ал.

Маалыматка ылайык, 2035-жылга чейин «Тамчы» атайын каржы-инвестициялык аймагы 4 миңге жакын компанияны тартууну, 10 миңден ашык жаңы жумуш ордун түзүүнү көздөйт. Анын 2026–2035-жылдары өлкө экономикасына кошо турган жалпы салымы 20 млрд  $ чейин бааланууда.

0:00
/0:21

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media
Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12 % деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Тиешелүү чечим 26-октябрда кабыл алынып, бүгүн, 27-октябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы айда инфляциянын өсүү темпи басаңдаган. Октябрь айында жылдык инфляция сентябрдагы 12,2 %дан 10,8 %га төмөндөгөн.

Ишкер Media