Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Адылбек Касымалиев “Иннопром” эл аралык көргөзмөсүнө катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барып, көргөзмөнүн пленардык жыйынында "Өнөр жай 360: чек арасыз өндүрүш" деген темада сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын өкмөт башчылары менен биргеликте көргөзмө комплексине барып, улуттук күркөлөр жана өндүрүштүк ишканалардын экспонаттары менен таанышты. Кыргызстандын улуттук күркөсүндө 10дон ашык ата мекендик ишкананын продукциясы коюлган.

Андан соң делегация башчылары көргөзмөнүн пленардык жыйынына катышты.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө "Иннопром" жылдар аралыгында жаңы идеялардын жаралуусуна, өнөр жайды өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелер талкууланып жана узак мөөнөттүү экономикалык кызматташтыктын негизи түзүлгөн алдыңкы эл аралык аянтча катары өз ордун ээлегенин белгиледи.

“Бул көргөзмөдө Кыргызстан экономиканын ар кандай тармактарындагы ишканаларды бириктирген улуттук экспозицияны сунуштап жатат. Биз жаңы демилгелерге ачыкпыз, мазмундуу диалогго даярбыз жана бүгүн бул жерде катышып жаткан бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, - деди ал.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Кыргызстандын энергетика, геологиялык чалгындоо, минералдык ресурстарды казып алуу жана кайра иштетүү сыяктуу стратегиялык жактан маанилүү тармактардын кеңири чөйрөсүндө кызматташууну андан ары кеңейтүүгө даярдыгын билдирди. Өнөр жай кооперациясына жана текстиль өнөр жайында, агроөнөр жай комплексинде, фармацевтикада, машина куроодо, курулуш материалдарын өндүрүүдө, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө жана башка экономикалык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берилет.

“Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну кеңейтүү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. 2025-жылдын аягына карата Кыргызстанда  ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 6 миллиард долларга жетип, мурдагы  жылга салыштырмалуу 7,7%ге өскөн. Бул көрсөткүчтөр экономикалык интеграциянын жогорку деңгээлин жана өнөр жай кызматташтыгын андан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциалды ачык көрсөтүп турат”, - деди ал. 

Өз сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев бүгүнкү күндө биргелешкен күч-аракеттерди жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүштү локалдаштырууга жана өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө багыттоо өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-октябрда суу өчүрүлөт

29-октябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Мурас Ордо" конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, сууну өчүрүүгө "Мурас Ордо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоо иштери себеп болууда. Тизмеге турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо

Ишкер Media
Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСтеги №2 гидроагрегатта тейлөө иштери жүргүзүлүүдө

Токтогул ГЭСинде 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында гидроэнергетикалык жабдууларды пландуу оңдоо жана техникалык тейлөө иштери улантылууда. "Электр станциялары" ААКнын маалыматына караганда, учурда № 2 гидроагрегатта (ГА-2) техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүп жатат. Тактап айтканда, бириктирилген подшипник, турбиналык подшипниктин май муздаткычы жана ТБС фильтрлери тазаланып, жуулууда.

Ишкер Media
Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

Борбор Азияда атом тармагындагы жаштардын кызматташуу платформасын түзүү сунушталды

КРнын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов Ташкент шаарында өткөн "Борбордук Азия – Атом 2050" жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага 900дөн ашуун студент жана аймактын атом тармагынын өкүлдөрү чакырылган. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүндө өткөрүлгөн жаштардын ядролук диалогдорунун жыйынтыктары тааныштырылды.

Ишкер Media
Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 12 % деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды. Тиешелүү чечим 26-октябрда кабыл алынып, бүгүн, 27-октябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы айда инфляциянын өсүү темпи басаңдаган. Октябрь айында жылдык инфляция сентябрдагы 12,2 %дан 10,8 %га төмөндөгөн.

Ишкер Media