Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланат

Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланат

“Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААК МККда акционерлердин кезексиз жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө жалгыз акционер КРнын Финансы министрлиги Фондду микрофинансылык компанияга айландыруу милдетин койду. Мындай билдирүүнү фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айланса, Фонддун буга чейинки мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, ишкерлерди каржылоонун жеткиликтүүлүгү жакшырат.

Башкача айтканда, Фонд кошумча финансылык ресуртарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп. валюталык операцияларды жүргүзө баштайт. Ошондой эле мыйзам талаптарына ылайык, калктын депозиттерин кабыл алуу укугуна ээ болот.

Жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, эми насыянын максималдуу суммасы 5 млн сомдон 9 млн сомго чейин көбөйөт жана жаңы насыялык продукттарды ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле Фонд кошумча финансылык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, ислам терезесин ачышы пландалууда. Мындан сырткары Фонддун ишмердүүлүгүн санариптештирүү аракеттери улантылат.

Жаңы өзгөрүүлөр Фондго чакан жана орто бизнести мындан ары да кеңири колдоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Уркуя Салиева көчөсү №51 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн алды жана артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда. Ошондой эле Авиашаарчасындагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн

Ишкер Media
Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн министрликтен кабарлады. Билдирүүгө караганда, министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоор Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана "Сармат" ЖЧКсынын колдоосу менен ишке ашырылган. Борбордун ички жабдууларын жана эмеректерин сатып алуу

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

КРнын энергетика министринин орун басары Бекнур Маратбеков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 14-жыйынына катышты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жыйында жалпы газ, мунай жана мунай продуктуларынын, ошондой эле электр энергиясынын рынокторун түзүү маселелери каралды. Жыйындын жыйынтыгында 2030-

Ишкер Media