"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд" 59 млн долларлык "Жашыл кепилдиктер" долбоорун баштады

"Кепилдик фонд ААКсы "Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү" долбоорунун "Жашыл кепилдиктер" компонентин ишке ашырууну баштап, ага катышуу үчүн финансылык уюмдарды тандоону жарыялады.

Фонддун маалыматына ылайык, долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт. Анын максаты – микро, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин экологиялык долбоорлорду каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.

Долбоордун алкагында "Кепилдик фонд" жеке жана портфелдик кепилдиктерди сунуштап, финансылык уюмдардын кредиттик тобокелдиктерин азайтууга жана ишкерлерди насыялоону кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.

Долбоорго Кыргызстандын финансылык уюмдары катыша алышат. Катышуунун шарттары жана талап кылынган документтер "Кепилдик фонддун" расмий сайтына жайгаштырылган.

Өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыгында тандалган финансылык уюмдар "Жашыл кепилдиктер" механизмине кошулат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Уркуя Салиева көчөсү №51 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн алды жана артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда. Ошондой эле Авиашаарчасындагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн

Ишкер Media
Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн министрликтен кабарлады. Билдирүүгө караганда, министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоор Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана "Сармат" ЖЧКсынын колдоосу менен ишке ашырылган. Борбордун ички жабдууларын жана эмеректерин сатып алуу

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

КРнын энергетика министринин орун басары Бекнур Маратбеков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 14-жыйынына катышты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жыйында жалпы газ, мунай жана мунай продуктуларынын, ошондой эле электр энергиясынын рынокторун түзүү маселелери каралды. Жыйындын жыйынтыгында 2030-

Ишкер Media