Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да катышты.

Жолугушууда долбоордук кубаттуулугу 2 ГВтка чейин жеткен жогорку натыйжалуу фотоэлектрдик (күн) элементтерин чыгаруучу заманбап өндүрүштү Кыргызстанда түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Тараптар ошондой эле кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү, жогорку технологиялык өндүрүштү локалдаштыруу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелери боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жашыл энергетика тармагындагы кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдирип, инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун шарттарын баалоо жана мүмкүн болгон өндүрүш аянттарын изилдөө боюнча ишти улантууну макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Уркуя Салиева көчөсү №51 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн алды жана артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда. Ошондой эле Авиашаарчасындагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн

Ишкер Media
Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн министрликтен кабарлады. Билдирүүгө караганда, министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоор Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана "Сармат" ЖЧКсынын колдоосу менен ишке ашырылган. Борбордун ички жабдууларын жана эмеректерин сатып алуу

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

КРнын энергетика министринин орун басары Бекнур Маратбеков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 14-жыйынына катышты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жыйында жалпы газ, мунай жана мунай продуктуларынын, ошондой эле электр энергиясынын рынокторун түзүү маселелери каралды. Жыйындын жыйынтыгында 2030-

Ишкер Media