Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча окутуучу семинар болду

Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча окутуучу семинар болду

Мамлекеттик салык кызматы Финансылык чалгындоо кызматы менен биргеликте мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү үчүн ФАТФтын (Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу) сунуштарын ишке ашырууга арналган семинар уюштурду.

Билдирүүгө караганда, катышуучуларга ФАТФтын 8-сунушунун талаптары түшүндүрүлдү. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды террордук ишмердүүлүктү каржылоо максатында пайдалануу коркунучун алдын алуу үчүн тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу каралган.

Мындан сырткары Коммерциялык эмес укук боюнча эл аралык борбордун (ICNL) жана Дин таануу изилдөөлөр борборунун адистери баяндама жасап, ФАТФтын эл аралык стандарттары, мамлекеттик эмес уюмдардагы тобокелдиктерди баалоо жана диний уюмдарга карата тобокелдикке багытталган мамиле тууралуу маалымат беришти.

Семинардын катышуучулары террордук ишмердүүлүктү каржылоо тобокелдиктерин аныктоо, мамлекеттик эмес уюмдардын кайсы категориялары көбүрөөк тобокелдикке дуушар болушу мүмкүн экени тууралуу кеңири маалымат алышты.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен биргеликте мамлекеттик эмес уюмдарды мыйзамсыз максаттарда пайдалануунун алдын алуу жана террордук ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүүнүн түшүндүрүү иштери мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.