Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргызстандан ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) өлкөдөн алып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тыюу транзиттик жүктөргө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамга тиешелүү эмес.

Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлигине токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабыл алынган чечим тууралуу маалымдоо тапшырылды. Тышкы иштер министрлиги болсо ушул эле мөөнөттө КМШнын Аткаруу комитетине тиешелүү билдирүү жөнөтөт.

Мындан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматы менен Мамлекеттик чек ара кызматына макулатураны мыйзамсыз өлкөдөн ташып чыгууга бөгөт коюу боюнча чараларды күчөтүү милдети жүктөлдү.

Белгиленгендей, буга чейин кабыл алынган ушул багыттагы 2026-жылдын 14-январындагы токтом күчүн жоготту деп табылды.

Жаңы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Уркуя Салиева көчөсү №51 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн алды жана артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда. Ошондой эле Авиашаарчасындагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн

Ишкер Media
Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн министрликтен кабарлады. Билдирүүгө караганда, министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоор Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана "Сармат" ЖЧКсынын колдоосу менен ишке ашырылган. Борбордун ички жабдууларын жана эмеректерин сатып алуу

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

КРнын энергетика министринин орун басары Бекнур Маратбеков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 14-жыйынына катышты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жыйында жалпы газ, мунай жана мунай продуктуларынын, ошондой эле электр энергиясынын рынокторун түзүү маселелери каралды. Жыйындын жыйынтыгында 2030-

Ишкер Media