Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Ошто азык-түлүк менен күйүүчү майдын баасы көзөмөлгө алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын, цементтин жана күйүүчү-майлоочу майлардын чекене бааларына мониторинг жүргүздү.

Кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн негизги максаты биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Ош шаарындагы базарларда баанын туруктуулугун камсыз кылуу болду.

Мониторингдин жыйынтыгында соода түйүндөрүнүн, базарлардын, курулуш материалдарын саткан соода жайларынын жана май куюучу станциялардын администрацияларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ишкерлерге жайкы сезондо бааларды алып-сатарлык жол менен жасалма көтөрүүгө жол берилбей турганы эскертилди. Ошондой эле жасалма тартыштык түзүү же бааларды өз ара макулдашып жогорулатуу фактылары аныкталса, мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ошто мыйзамсыз курулуштарды алып салуу уланууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Уркуя Салиева көчөсү №51 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн алды жана артындагы жеңил конструкциядагы чарбалык курулуштар жана тосмолор алынууда. Ошондой эле Авиашаарчасындагы №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 17 жана 18-үйлөрдүн

Ишкер Media
Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш министри Кутессай-II жана Калесай кендерине барды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кутессай-II жана Калесай кендерине жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу бүгүн министрликтен кабарлады. Билдирүүгө караганда, министр тарабынан кендерди иштетүүдө геологиялык чалгындоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле коюлган милдеттерди белгиленген мөөнөттө аткаруу

Ишкер Media
Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Тородо 18 млн сомго реабилитациялык борбор курулду

Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн "Аракет" реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 26-октябрдагы иш сапары учурунда маалымдалды. Билдирүүгө караганда, долбоор Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун жана "Сармат" ЖЧКсынын колдоосу менен ишке ашырылган. Борбордун ички жабдууларын жана эмеректерин сатып алуу

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

КРнын энергетика министринин орун басары Бекнур Маратбеков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин 14-жыйынына катышты. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жыйында жалпы газ, мунай жана мунай продуктуларынын, ошондой эле электр энергиясынын рынокторун түзүү маселелери каралды. Жыйындын жыйынтыгында 2030-

Ишкер Media