Кристин Лагард: санарип евро – нак акчаны алмаштыра албайт

Кристин Лагард: санарип евро – нак акчаны алмаштыра албайт

Европанын Борбордук банкынын (ЕББ) президенти Кристин Лагард санарип евро накталай акчаны алмаштыра албайт - деген пикирин Euronews телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, төлөм каражатынын санарип ыкмасы - жарандардын төлөмдөрүн көзөмөлдөө үчүн эмес, накталай акчаны толуктоо максатында иштелип чыгууда.

ЕББ башчысынын билдирүүсүнө караганда, Европа парламенти санарип евро боюнча мыйзам долбоорун сүйлөшүүлөрдүн кийинки баскычына өткөрдү, эми документти 2026-жылдын аягына чейин кабыл алуу пландалууда. Санарип евро ишке кирсе, банкнот жана тыйындар менен бирдей мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат.

“Накталай евро дагы, санарип евро дагы мыйзамдуу төлөм каражаты. Демек, Европанын эч бир жеринде “биз сиздин банкнотуңузду кабыл албайбыз!” - деп айтууга болбойт”, – деди Кристин Лагард.

Ал ошондой эле жыл аягына чейин ЕББ евро банкнотторунун жаңы дизайны боюнча сунуштарын да жарыялай турганын билдирди.

“Биз жаңы дизайн жана жаңы көрүнүштөгү банкноттор боюнча сунуштарды сунуштайбыз. Накталай акча жоголбойт, болгону жаңыланат”, – деп белгиледи Европанын Борбордук банкынын башчысы.

Лагарддын айтымында, санарип евронун негизги максаттарынын бири – Европанын төлөм системалары жаатындагы көз карандысыздыгын күчөтүү. Учурда Европа өлкөлөрүндөгү төлөм карталар аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн болжол менен 60%ы чет элдик компаниялардын төлөм инфраструктурасы аркылуу ишке ашырылат.

КРнын мыйзамдары да, так ушундай. Бирок...

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-главасында улуттук валюта – “Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, КРнын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ кабыл алынат. Төлөмдөр КРнын аймагында накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр (анын ичинде санарип сом менен эсептешүүлөр) түрүндө жүзөгө ашырылат” - деп так көрсөтүлгөн.

Бирок, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспорттордо жол кирени накталай акча менен төлөө токтотулган. Жүргүнчүлөр жол кирени азыр “Тулпар” картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт” банктык карталары жана QR-код менен төлөп жатышат. Мындай жаңычылыкка көнбөгөн айрым жүргүнчүлөр жол акысын накталай төлөп, бир нече айдоочу иштен бошотулганы белгилүү болгон.

Буга чейин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул боюнча бир нече жолу өз позициясын жарыялаган.

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо артыкчылыктуу бойдон калат. Ар бир жүргүнчү мыйзамдарга ылайык жол кирени накталай да, накталай эмес да төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек." - деп билдиришкен.

Бирок, шаардык муниципалитетке бул мыйзам тиешелүү эместей... Ушундан улам, мыйзам КРда иштебейби? Мыйзамдын аткарылышын ким көзөмөлдөшү керек? - деген суроо жаралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media