Кыргызстан ЭКУнун Соода жана өнүктүрүү банкы менен кызматташат

Кыргызстан ЭКУнун Соода жана өнүктүрүү банкы менен кызматташат

Түркиянын Стамбул шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Соода жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин 25-жыйыны жана Директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Аталган иш-чарага КРнын атынан Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты.

Жыйындардын жүрүшүндө Банктын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2026-жылга карата бюджети, Экономикалык кызматташтык уюмунун аймагындагы келечектүү долбоорлорду каржылоо маселелери, ошондой эле Банктын ишмердүүлүгүнө байланышкан башка маселелер каралды.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Туманов  Соода жана өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгү аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу экономикалык өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жаткандыгын белгиледи.

Медербек Туманов Кыргыз Республикасы Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөрүнө ишеним артты.


Маалымат үчүн:

Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы мамлекеттик жана жеке секторлор тарабынан инвестицияларды тартууга көмөктөшөт, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу мүчө мамлекеттерде жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Соода жана өнүктүрүү банкынын мүчөлөрү болуп - Түркия Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Афганистан Ислам Республикасы, Азербайжан Республикасы жана Кыргыз Республикасы саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media