Кыргызстан менен JUKI тигүү тармагындагы кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен JUKI тигүү тармагындагы кызматташууну кеңейтүүнү талкуулады

13-июлда Токио шаарында экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова жана ата мекендик тигүү ишканаларынын өкүлдөрү JUKI компаниясынын президенти Ацуши Нарикава менен жолугушуу өткөрдү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, тараптар Кыргызстандын тигүү өнөр жайын технологиялык жактан жабдуу, өндүрүштү модернизациялоо жана бул багыттагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кыргыз тарап JUKI компаниясына Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү, анын ичинде өнөр жайлык тигүү жабдууларын тейлөө үчүн сервистик жана техникалык борбор түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Министрдин орун басары Беназир Нурланова сервистик тейлөөнүн өнүгүшү, запастык бөлүктөрдүн өз убагында жеткирилиши жана техникалык колдоонун жеткиликтүү болушу ата мекендик тигүү ишканаларынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштөөсү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

14-июлда кыргыз делегациясы JUKI компаниясынын Тотиги префектурасындагы өндүрүш ишканасына барып, өндүрүш процесстери, заманбап автоматташтырылган линиялар жана сапатты көзөмөлдөө системалары менен таанышты. Ошондой эле жапон технологияларын ата мекендик тигүү тармагына киргизүү, ишканалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана техникалык адистерди даярдоо боюнча мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты. JUKI компаниясы Кыргызстандын тигүү тармагын технологиялык жактан өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарын облусуна 350 орундуу, 7 кабаттуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка караганда, 26-октябрда облус башчысы Нурбек Сатаров Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда облуста көп тармактуу оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Аталган долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын

Ишкер Media
Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media