Кыргызстан СПЕКАда транспорт жана санарип сооданы өнүктүрүүнү сунуштады

Кыргызстан СПЕКАда транспорт жана санарип сооданы өнүктүрүүнү сунуштады

Кыргызстан БУУнун Борбордук Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасындагы (СПЕКА) төрагалыгынын алкагында транспорт, логистика, сооданы санариптештирүү жана чек аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктарын сунуштады.

Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында СПЕКАга катышуучу мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүнүн жумушчу кеңешмеси өттү. Кыргызстан 2026-жылы бул программага төрагалык кылууда.

Жыйында министр деңизге түз чыга албаган өлкөлөр үчүн транспортту, логистиканы жана чек ара аркылуу жүк ташууларды өнүктүрүү туруктуу экономикалык өсүштүн негизги шарттарынын бири экенин белгиледи.

Бакыт Сыдыков Кыргызстандын төрагалыгынын негизги багыттарын тааныштырды. Аларга:

  • туруктуу транспорт жана логистиканы өнүктүрүү;
  • сооданы санариптештирүү жана электрондук коммерцияны жайылтуу;
  • чакан жана орто бизнести колдоо;
  • чек аралык биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу кирет.

Ошондой эле министр Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунда маалымат жана документ жүгүртүүнү санариптештирүү боюнча СПЕКАнын Жол картасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруларын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан СПЕКАга мүчө мамлекеттердин 2027-жылга чейин жүк ташуулар боюнча электрондук маалыматтарды БУУнун эл аралык стандарттарына ылайык колдонууга өтүүсүн колдойт.

Министр Кыргызстан аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө, Ортоңку коридорду өнүктүрүүгө, кагазсыз чек аралык сооданы жайылтууга жана СПЕКАнын көп тараптуу механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган иштерди улантарын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарынга 7 кабаттуу 350 орундуу оорукана куруу пландалууда

Нарын облусуна 350 орундуу, 7 кабаттуу жаңы көп тармактуу оорукана куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка караганда, 26-октябрда облус башчысы Нурбек Сатаров Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда облуста көп тармактуу оорукананы куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Аталган долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын

Ишкер Media
Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Германиянын Fleckvieh породасындагы асыл тукум малды КРда көбөйтүү талкууланды

Кыргызстанда сүт жана эт багытындагы жогорку өндүрүмдүү Fleckvieh породасындагы малды көбөйтүү жана генетикалык сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев Германиянын Bayern-Genetik GmbH компаниясынын өкүлдөрү жана “Токбай Агро” ишканасынын жетекчиси Арсен

Ишкер Media
Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Ош облусунда миграциядан келген үй-бүлөлөр “Социалдык контракттын” алкагында бизнес ачууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында мекенине кайтып келген үй-бүлөлөрдөн кабар алды. Министрликтен маалымдагандай, министр алардын жашоо шарттары, учурдагы муктаждыктары жана социалдык адаптация маселелери менен таанышып чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө министр үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын кайрылууларын угуп, зарыл болгон социалдык

Ишкер Media
Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткенде мыйзамсыз валюта алмаштырган жаранга айып пул салынды

Баткен облусунда Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Айып пул Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан салынган. Кыргызстандын

Ишкер Media